Түрк басма сөзү 25.11.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1738485
Түрк басма сөзү 25.11.2021

«Хүррийет» гезити «БАЭден Түркияга маанилүү сапар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга келген Абу-Дабинин мураскор канзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушканын жазган. Жолугушуудан кийин Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда түз инвестицияны камтыган 9 тармакта келишимдерге кол коюлду.

«Йени Шафак» гезити «F-16лар үчүн улутташтырылган поддондун массалык өндүрүшү башталды» аттуу маалыматында Түрк коргонуу өнөр жайынын ичинде улутташтырылган F-16 ок-дарыларды үйрөтүү поддонунун сериялык өндүрүшү башталды. Дос жана союздаш мамлекеттер менен экспортко багытталган сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

«Хабер түрк» гезити «Түрксат 5В спутниги декабрдын аягында учурулат» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу, Түрксат 5В спутнигинин декабрь айынын аягында АКШнын Флорида штатындагы Кейп Канаверал базасынан Falcon 9 үлгүсүндөгү ракета менен учурулушу пландалганын жарыялаганын жазган.

«Стар» гезити «ТИКА Ооганстандагы жетимдердин жүзүн жылмайтты» аттуу кабарында Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы «Алааддин» атындагы кыз балдар үйүнө азык-түлүк жана тазалык материалдарын бергенин маалымдаган. Балдар үйүнүн жатакана директорунун орун басары Азизе Азизи ТИКАга ыраазычылык билдирди.

«Сабах» гезити «Түрк лососу рекордун жаңылап жатат» деген кабарында Түрк лососу жумушчу тобунун жетекчиси Осман Парлак, пандемияга карабастан 10 айда 18 өлкөгө жалпысынан 120 миллион 946 миң 674 доллар экспорттолгондугун айтканын баяндаган. Парлак экспорттун 80 пайызын Орусияга жасаганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар