Түрк басма сөзү  23.11.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1737405
Түрк басма сөзү  23.11.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган :  мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууда чечкиндүүбүз» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын финансылык кризисти башкарууда тажрыйбалуу өлкө катары бүткүл дүйнө ичинен өтүп жаткан орчундуу мезгил ачкан мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууда чечкиндүү экендерин айтканын кабарлаган.  Эрдоган : "инвестиция, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу, экспортко таянган экономика саясатыбыз менен өлкөбүз үчүн эң туура болгонду аткарууда чечкиндүүбүз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркиянын коргонуу өнөр жайы грек басма сөзүндө» деген макаласында Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагында таштаган кадамдарын Грециянын иликтөөнү улантып жаткандыгын жазган. Түркиянын жергиликтүү жана улуттук технологиялары грек басма сөзүндө орун алып, Афинанын Түркияга жетүү үчүн таштаган кадамдары сынга алынды. Коргоо өнөр жайы тармагында Түркияга жетүү үчүн АКШ жана Францияга учак, кеме буюртмаларын берген Афина Анкарага жете албай тургандыгын түшүндү. Грек басма сөзү «Куралдануу жарышы бизди батырат» деген темада кабарларды жарыялай баштады.

«Йени шафак» гезити «Африка өлкөлөрү террордук уюмдарды  түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен атат» деп жазып, Марокко, Алжир, Руанда жана Нигериядан кийин бир Африка өлкөсү дагы согуш майдандарында колдонулган куралдуу учкучсуз аба аппараты Байрактар ТБ 2лерге талапкер экендигине токтолгон. Нигер да Аль Каида жана ДЕАШ сыяктуу уюмдарга каршы күрөшүн түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары жана бронетранспортерлери менен жүргүзөт. Нигердин Түркиядан куралдуу учкучсуз аба аппараттары, машыктыруучу учак жана бронетранспортелорду сатып алуу пландары мамлекеттик жетекчилер тарабынан да аныкталып : «Террордук уюмдарды түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен  атабыз»,- деген маалымат бергендири билдирилди.

«Стар» гезити «Сомалинин Түркия сүйүүсү башка» деп билдирип, Африканын бир топ кооздукту ичинде камтыган бир континент экендигине токтолгон “Аялдарды ук” бейөкмөт уюмунун башкы директору Дека Салад башка өлкөлөр инвестиция салууну тобокелдүү деп эсептесе, Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгындагы Сомалиге баруудан тартынбагандыгын айтканын жазган. Салад Түркияда билим алган сомалилик жаштардын эки өлкөнүн ортосунда достук карым  - катнаштарын өнүктүрүүдө көпүрө ролун аткаргандарын айтты.

«Сабах» гезити «ТҮРКОВАКта  3  -  фаза 1000 ыктыярдуу менен аяктайт» деген маалыматында Ковид  - 19га каршы чыгарылган жергиликтүү ТУКОВАКтын  3 -  фазасы үчүн 3 000 кишинин пландалгандыгын кабарлаган. Мунун да ушул кезге чейин үчтөн эки бөлүгү аяктады. Жергиликтүү вакцинада 2022 – жылдын ичинде  массалык өндүрүүнүн башталышы пландалууда.  



Тектеш кабарлар