Түрк басма сөзү 19.11.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1736020
Түрк басма сөзү 19.11.2021

«Хабер түрк» гезити «Болгариянын Анкара элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды» деп билдирип, Болгариянын Анкарадагы элчисинин Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Болгарияда шайлоочулардын Түркиянын расмий мекемелери тарабынан багыттандырылгандыгы жана ички иштерине аралашкандыгы тууралуу дооматтары четке кагылгандыгын жазган. Болгариянын Анкарадагы элчиси Ангуэль Христов Чолаковго Түркиянын Болгариядагы шайлоонунун алкагында Түркияда добуш бердиртилиши тууралуу бардык кызматташууну түзүп, керектүү жеңилдиктердин берилгендиги билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Коргоо өнөр жайында толук көз карандысыздыкка басым жасоо» деген кабарында Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исамил Демирдин : «Бүгүн Түркия коргонуу өнөр жайында глобалдык камсыздоочулардын чыгарган бардык кыйынчылыктарына жана эмбарголоруна карабастан, улуттук кызыкчылыктарын коргоонун негизинде аткарышы керек болгон кыймылдарды эч кимге муктаж болбостон аткара ала турган абалда жана бул тууралуу өзүн далилдеди»,- дегенин кабарлаган.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөнүн мыкты бургулоо кемеси «Алпарслан» деп аталды» деп жазып, президент Р. Т. Эрдоган билдирген 4 -бургулоо кемеси 2022 -жылдын биринчи чейрегинде инвентарга өтөрүн кабарлаган. Акыркы технология менен жасалган кемеге «Алпарслан» деген аттын берилиши күтүлүүдө. Жетинчи муун кеме 12 200 метрге чейин бургулоо ишин аткаруу өзгөчөлүгүнө ээ. 200 кишилик экипажга ээ болгон кеме 7, 3 метр бийиктиктеги толкунда да туруктуу бир жерде тура алат.

«Стар» гезити «Түркияга 100 миллион долларды ашкан инвестиция»деген маалыматында Фракияда жаратылыш газ чыгаруу иштеринде ушул кезге чейин 100 миллион доллардан ашуун инвестиция салган канадалык энергетика фирмасы Валеуранын Түркиядагы инвестициялары тууралуу ар дайым толкундангандарын баса белгиледи. Валеуранын жогорку мартабалуу башкаруучусу Сеан Гуест Фракия аймагында маанилүү көлөмдөгү жаратылыш газдын бар экендигине ишенгендерин айтты.

"Сабах" гезити : «Түркия үчүнчү чейректе өсүүнү улантууда» деген макаласында эксперттер, акыркы өнөр жай өндүрүшү тууралуу маалыматтары менен Түркиянын 2021 - жылдын үчүнчү чейрегинде Түркиянын биринин артынан бири жаңырган рекорддор керек болсо товар жана тейлөө өндүрүшүнөн келген күчтүү сигналдарга байланыштуу Түркиянын 2021 – жылдын үчүнчү чейрегинде 70 пайыз  ыктымалдык менен 7,84 пайыздык оң өсүү болорун белгилешкендигин маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар