Түрк басма сөзү 18.11.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1735506
Түрк басма сөзү 18.11.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Европа Биримдигинен (ЕБ) конкреттүү кадамдарды күтөбүз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Анкарада Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөнүн жазган. Испания менен биргелешип учак конуучу кеме кургандарын белгилеген Эрдоган, Европа Биримдигинин Түркияга карата конкреттүү кадам таштоосун каалагандарын айтты. Эки өлкөнүн тартипсиз миграцияда чоң жүктү милдеттенгенин билдирген Эрдоган, Бажы биримдигинин жаңылануусу жана визадан бошотуу үчүн иштердин башталышы керектигин айтты.

«Стар» гезити «Санчес: Түркия орто эсептен жогору өсүүнү көрсөтүүдө» аттуу маалыматында Түркия менен Испаниянын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардын укмуштуудай деңгээлге жеткенин белгилеген Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин : «Түркия да орто эсептен жогору өсүүнү көрсөтүүдө. Бул келечекте да уланат», - деп айтканын баяндаган. Санчес Түркиянын Европа Биримдигинин (ЕБ) бир бөлүгү болушун каалагандарын айтты.

«Йени шафак» гезити «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Коргоо саммити» аттуу маалыматында АКШ менен аскердик темалар талкууланган Жогорку деңгээлдеги Коргоо тобунун жыйыны 4 жылдан кийин Вашингтондо өткөнүн маалымдаган. Эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан жолугушуунун «позитивдүү» жана «конструктивдүү» болгону жарыяланды. Кийинки жолугушуу Түркияда өтөт.

«Хүррийет» гезити «Түркия туризмде Италия менен Испанияны артка калтырды» деген кабарында дүйнөдөгү туризм сектору акыркы 2 жылдан бери коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) таасирин башынан өткөрүүдө экенин жазган. Бирок, калыбына келтирүү жараяны эбак эле башталган. Түркия акыркы эки жылда туризмде Жер Ортолук деңиз бассейниндеги өлкөлөргө караганда ылдам өстү. Түркия 2021-жылдын алгачкы тогуз айында Испания менен Италияга караганда көбүрөөк чет элдиктерди кабыл алды.

«Ватан» гезити «Түркиянын экспорту дүйнөлүк базарда 1 пайызга өстү» деген кабарында соода министри Мехмет Муштун «Түркия акыркы 20 жылда биринчи жолу дүйнөлүк экспортто 1 пайыздык деңгээлге жетти»,-деп айтканын баяндаган. Мехмет Муш октябрь айында экспорттун импортко катышынын 93,4 пайыз болгонун, 10 айда экспорттун импортко катышынын өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 7,2 баллга өсүп 84,3 пайызга жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар