Түрк басма сөзү 15.11.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1733842
Түрк басма сөзү 15.11.2021

«Стар» гезити «Дүйнөдө алдыңкы орунда турат» аттуу кабарында Чанаккале Троя музейинде өткөрүлгөн «Эзинели Яхья сержант» даректүү тасмасынын бет ачарында жаштар менен жолугушкан президент Режеп Таййип Эрдогандын, 1915 Чанаккале көпүрөсүнө байланыштуу көпүрөнүн бир тарабы Азия, экинчи тарабы Европа экенин жана эки континентти бириктирип турганын айтып: «18-март көпүрөсү дүйнөдө алдыңкы орунда турат» дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Ахыска түрктөрүнө керектүү колдоону улантабыз» аттуу маалыматында Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин, Ахыска түрктөрүнүн өз мекени болгон Ахыскадан сүргүнгө айдалышынын 77 жылдыгына байланыштуу билдирүү жасап, «Буга чейинкидей эле мындан ары да Ахыска түрктөрүнүн өз мекенине кайтуу процессине жакындан байкоо салууну улантабыз жана мекендештерибизге керектүү колдоону көрсөтөбүз»,-деп билдиргенин жазган.

«Йени Шафак» гезити «Караисмаиоглу сүйүнчүсүн берди: Биринчи улуттук электр поезд келе жатат» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу: «Долбоордун ылдамдыгы саатына 176 километр жана иштөө ылдамдыгы 160 километр боло тургандай түрдө биринчи улуттук жана атамекендик электр поезди өндүрүү боюнча иштер аяктады. Поезддерибиз кыска убакыттын ичинде жарандарыбыздын кызматында болот»,- дегенин билдирген.  

«Хүррийет» гезити : «Биз Европанын эң туруктуу аэропортубуз» аттуу маалыматында Стамбул аэропортунун оператору IGAнын Аткаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Кадри Самсунлу : «Стамбул аэропорту катары биз Европанын эң туруктуу аэропортубуз. 2020-жылы биринчи орунду ээледик, 2021-жылы да биринчи болобуз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Дүйнөлүк чемпионаттын коопсуздугу түрк полициясына аманат» аттуу кабарында дүйнөдөгү эң чоң иш-чаралардын бири болгон 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын коопсуздугун түрк полициясы камсыздай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар