Түрк басма сөзү 21.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1722712
Түрк басма сөзү 21.10.2021

«Ватан» гезити «Эрдогандын дүйнөгө ачык билдирүүсү: Нигерия менен кызматташтыгыбызды бекемдеп жатабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Нигериянын президенти Мухаммед Бухари менен биргелешкен маалымат жыйынында: «Түркия-Нигерия карым-катнаштарын ар тараптан карап чыктык. Аскердик коргоо жана коопсуздук темаларында Нигерия менен болгон кызматташтыгыбызды күчтөндүрүп жатабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «TКК жана MITтен чекитке атуу» деген кабарында Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) Ирактын түндүгүндө 8-октябрда жүргүзгөн биргелешкен операциясында террордук уюм ПККнын аял жооптусу делген Тайбет Билен жок кылынганы жарыяланды. Билендин Махмур лагерине бара жатканда жок кылынганы кабарланган.

«Сабах» гезити «Фуат Октайдан инфляциялык билдирүү» аттуу кабарында вице-президент Фуат Октайдын: «Акча жана фискалдык саясатыбызды камсыздоо структуралык саясаты жана өндүрүмдүүлүктүн өсүшү менен колдоо көрсөтүү аркылуу инфляцияны бир орундуу сандарга түшүрүүгө чечкиндүүбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Экспорттон алынган үлүш 1 пайызга жогорулады» деген кабарында  соода министри Мехмет Муштун Түркиянын дүйнөлүк экспорттогу үлүшүнүн республиканын тарыхында биринчи жолу 1 пайыздан ашканын айтканын маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркия сонун өлкө» деген кабарында Анталияда чогулган 3 орус жана 1 украин достор Ликия жолун 25 күндө басып өтүшкөнүн маалымдаган. Табият сүйүүчүлөр биринчи жолу келген Түркиядагы Ликия жолунун тарыхый жана табигый сулуулукка ээ экенин билдиришти. Михаил Чернявский: «Бардык жер тарыхка жык толгон. Кээ бир аймактарда тарых, жаратылыш жана деңиз укмуштуудай кооз. Түркия керемет өлкө. Адамдары абдан ынтымактуу. Алар тоонун чокусунда да бир нерсе сунушташат»,-деди.



Тектеш кабарлар