Түрк басма сөзү 18.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1721019
Түрк басма сөзү 18.10.2021

«Стар» гезити «Түркиянын F-35терге төлөгөн акчасына АКШдан жаңы сунуш» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Анголанын борбору Луандага кетээр алдында жасаган билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен болгон F-16 учагы тууралуу: «Биз жаңы F-16ларды сатып алуу менен флотубузду кеңейтүүнү каалайбыз. F-35 төлөмдөрүнүн ордуна АКШдан ушундай сунуш айтылды»,- деди.

«Йени Шафак» гезити «Дүйнөдө башка мисалы жок: 65 жаштан ашкан адамдар үчүн атайын тез жардам кызматы түзүлөт» аттуу маалыматында Тез жардам адистери коому (ATUDER) тарабынан даярдалган жана Европа Биримдиги (ЕБ) кабыл алган долбоордун алкагында Түркияда 65 жаштан ашкан жарандар үчүн тез жардам кызматтары түзүлө турганын билдирген. ATUDER компаниясынын жетекчиси профессор доктор Башар Жандер: «Дүйнөдө мындай колдонмо жок. Түркияда башталгычын ишке ашырып жатабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Европадагы айдоочуларга болгон муктаждыкты канааттандыра алабыз» деген кабарында Түркия жана Эл аралык оор жүк ташуучу айдоочулар коомунун (UTSYD) төрагасы Седат Каплан: «Биз Европадагы айдоочулар муктаждыгын канааттандыра ала тургандай абалдабыз, анткени учурда өлкөбүздө дасыккан күч бар»,- дегенин жазган. Каплан ишенимдүү жана ийгиликтүү түрк айдоочуларынын негизинде аты аталган талапты канааттандырууну көздөп жатышканын айтты.

«Хабер түрк» гезити «9 айда 2 миллиард 15 миллион долларлык жашылча-жемиш экспорту» деген кабарында Түркиянын жылдын 9 айындагы 2 миллиард 15 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспортунун 31 пайызы 627 миллион 442 миң доллар менен Орусияга жасалганын жазган.

«Сабах» гезити «THYнын экипаждары күндөн коргоочу кремдер менен өмүрдү сактап калышууда» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) кабина экипажы жана учкучтар тарабынан негизделген "Жакшылык достору" долбоору, Сенегалдын борбору Дакарда күндөн жашынган альбинос оорусунан жабыркаган балдарды күндөн коргоочу каражаттар менен камсыз кылганын билдирген.



Тектеш кабарлар