Түрк басма сөзү 14.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1719329
Түрк басма сөзү 14.10.2021

«Йени шафак» гезити: «Чавушоглу: Эмне керек болсо жасайбыз» аттуу кабарында террордук уюм ПККнын Сириядагы кол салуулары боюнча Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жана Орусияга катуу билдирүүлөрдү айткан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «АКШ менен Орусия бизге берген убадаларын аткарышкан жок. Биз террористтерди тазалоо үчүн эмне керек болсо жасайбыз»,-дегенин жазган. Чавушоглу АКШнын Сирияда шейит болгон түрк коопсуздук күчтөрүнө көңүл айтуу билдирүүсүн да чынчыл эмес деп эсептегендерин белгиледи.

«Стар» гезити: «Орусиянын Түркияга жаратылыш газ ташуулары көбөйүүдө» деген маалыматында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Европага ар кандай жолдордон газ ташууну көбөйткөндөрүнө көңүл буруп: «Биз Түркия аркылуу, Көгүлтүр агым багытында, Түрк агымы жана Украина аркылуу газ жеткирүүнү көбөйтүп жатабыз»,-дегенин жазган. Путин: «Эгерде бизге газ ташууну көбүрөөк көбөйтүү суралса, биз аны көбөйтүүгө даярбыз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити: «Түркия Непалга көңүл айтты» аттуу кабарында Түркия Непалдын Мугу шаарында 32 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгы үчүн Непал элине жана өкмөтүнө көңүл айтканын билдирген. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Непалдын Мугу аймагында болгон автобус кырсыгында 32 киши көз жумуп, 17 кишинин жаракат алышы терең кайгыга салды. Биз бул каргашалуу кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос Непал элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

«Ватан» гезити: «Пакистан Францияны таштап Түркия менен макулдашты» деген маалыматында Араб басма сөзү, коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демирдин Пакистандын Аскер-Деңиз күчтөрүнүн командачылыгына таандык Agosta 90B үлгүсүндөгү суу астындагы кемелерин модернизациялоого байланыштуу билдирүүлөрүн жазып чыкканын кабарлаган. Араб басма сөзү Демирдин «Коргоодо саясий кысымдар бар. Биз аларды бузуп жатабыз. Мисалы, Пакистандын Франциядан сатып алган суу асты кемелерин модернизациялоо тендерине француздар чоң кысым көрсөтүштү, бирок ишти Коргоо технологиялары инженериясы жана соода компаниясы алды» деген сөздөрүнө орун берди.

«Хабер түрк» гезити: «Жергиликтүү вакцина Turkovac активдештирилет» аттуу кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик вакцина Turkovacтын берки вакциналарга эскертүү дозасы катары колдонулган 3-фаза изилдөөлөрү уланып жатканын билдиргенин жазган. Министр Кожа жарандарды Turkovac сыноолоруна ыктыярчы болууга чакырды.



Тектеш кабарлар