Түрк басма сөзү 13.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1718755
Түрк басма сөзү 13.10.2021

«Хабер түрк» гезити: «Президент Эрдогандын Чоң жыйырманын кезексиз лидерлер саммитиндеги билдирүүлөрү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин Ооганстан боюнча саммитинде сөз сүйлөгөнүн жазган. Президент Эрдоган: «Эл аралык коомчулук ооган элине аркасын салып, бул өлкөнү өз тагдырына таштай албайт. Биз Ооганстанда диалог каналдарын ачык кармап, Талибанды инклюзивдүү башкарууну түзүүгө багытташыбыз керек»,- деди.

«Йени шафак» гезити: «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ооганстан билдирүүсү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун талиптердин көзөмөлүндө болгон Ооганстандагы акыркы абал тууралуу билдирүү жасаганын жазган. Өлкөдөгү окуяларга тыкыр көз салып жатышканын белгилеген Чавушоглу: «Кээ бир тышкы иштер министрлери менен Кабулга барууну пландап жатабыз», - деди.

«Хүррийет» гезити: «Парламенттин төрагасы Шентоптун Испанияга ыраазычылык жана куттуктоо каты» деген кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоптун, Испаниянын Өкүлдөр Палатасынын төрагасы Мериткселл Батетке жана Испания Сенатынын башчысы Андер Гил Гарсияга өз-өзүнчө кат жөнөткөнүн билдирген. Шентоп катында 2021-жылдын 19-21-сентябрында Испанияга сапары учурунда ага жана аны коштогон делегацияга көрсөткөн жылуу меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

«Ватан» гезити: «Өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү жарыяланды» аттуу кабарында Түркиянын статистика мекемеси кечээ август айына карата өнөр жай өндүрүшүнүн индексинин жыйынтыктарын жарыялаганын жазган. Буга ылайык өнөр жай өндүрүшүнүн индекси август айында айлык негизде 5,4 пайызга, жылдык негизде 13,8 пайызга өстү.

«Стар» гезити: «IMF Түркиянын өсүү божомолун жарыялады» деген маалыматында Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2021-жылга карата түрк экономикасынын өсүү божомолун 5,8 пайыздан 9 пайызга жогорулатып, 2022-жыл үчүн өсүү күтүүсүн 3,3 пайыз деңгээлинде сактаганын билдирген.



Тектеш кабарлар