Түрк басма сөзү 12.10.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1718265
Түрк басма сөзү 12.10.2021

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Сириядан өлкөбүзгө карата террордук кол салуулар тууралуу чыдамыбыз калган жок» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Кабинет жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө Сириядан Түркияга карата террордук кол салуулар тууралуу чыдамдын калбагандыгын белгилеп : «Полициябызга карата акыркы кол салуу жана жерибизди бутага алган чабуулдарга чыдабайбыз. Эң кыска убакытта бул маселени чечүү үчүн керектүү кадамдарды таштайбыз»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Сойлу : Кириле албган канча аймак бар болсо кирдик» деген макаласында Ички иштер министри Сүлейман Сойлунун өлкө ичинде террор менен күрөшүүгө байланыштуу : «Кириле албаган канча жер бар болсо баарына кирдик жана операция жүргүздүк. Террористтерди жок кылдык»,- дегенин кабарлаган.

«Стар» гезити «Ата мекендик катары өндүрүлдү, 5 миллион доллар Түркияда калды» деп жазып, HAVELSAN технология радар өнөр жайы жана соода акционердик коому чыгарган ата мекендик x-ray сканерлөөчүнүн жардамы менен 5 миллион доллардын Түркияда калганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Автомобилде жана экспортто өндүрүш өстү» деген макаласында Автомобиль өнөр жайы ассоциациясынын маалыматына караганда, ушул жылдын тогуз айында автомобиль өндүрүшү өткөн жылдын ушул эле  мезгилине салыштырмалуу 8 пайызга өсүп 921  619 даанага, экспорту да 9 пайызга өсүп 671  674 даанага жеткенин белгилеген.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору Европада эң көп учкан 2 -  компания болу» деп кабарлап, түрк аба жолдорунун 4 – 10 -  октябрь арасында күнүмдүк 1 185 каттам менен Европада эң көп учкан 2 -  аба компаниясы болгонун жазган.



Тектеш кабарлар