Түрк басма сөзү   08.10.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1716778
Түрк басма сөзү   08.10.2021

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Израилге айыптоо» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин Израиль сотунун еврейлердин оккупациясы астындагы Чыгыш Кудстун Эски Шаар аймагындагы Акса мечитинде «үнсүз» ибадаттарын кылышына макулдук беришин айыптагандыгын белгилеген.  Маалыматта : «Эл аралык коомчулукту бул жаңылыш, мыйзамсыз жана коркунучтуу чечимге жана Акса мечитине карата бардык провокацияларга катуу каршы турууга чакырабыз",-деп бидирилди.

«Хүррийет» гезити «Британия Түркияда BionTech вакцинасын алгандарды үй карантининен бошотту» деп билдирип, Британиянын Түркия да араларында болгон 37 өлкөдөн барган, толук вакцина алган жүргүнчүлөрдү аларын жарыялады. Ушуга караганда  Түркияда вакцина алгандар да 10 күндүк үй карантининен бошотулат. Толук эмдөөдөн өтүү үчүн, Oxford/AstraZeneca, Pfizer-BioNTech, Moderna жана Janssen вакциналарынан  эки дозасын Улуу Британияга барардан 14 күн мурда алуу керек.

«Йени шафак» гезити «Turkovacка үчүнчү доза уруксаты чыкты» деп жазып, Түркия дары  - дармек жана медициналык каражаттар мекемесинин ата мекендик вакцина Turkovacты параллель доза катары колдонуу үчүн уруксат бергенине токтолгон. 2 доза Sinovac  алган адамдарга кечээ  3 -  доза катары Turkovac бериле баштаганы билдириди. 3 -  доза фаза  - 3  изилдөөлөрү менен бирге жүргүзүлөт.

«Стар» гезити : «Түркиядан дос өлкөгө чоң инвестиция» деген маалыматында Казакстандын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын түздөн түз үлүшүн маалымдады. Түркия Казакстанга инвестицияларын көбөйткөн АКШ жана Швейцариядан кийинки үчүнчү өлкө болду.

Сабах гезити : «Уго Босс Түркияда өндүрүшүн көбөйтөт» деген кабарында Ковид-19 эпидемиясынан кийин батыш компанияларынын алмаштыргысы болгон Түркия, дүйнөлүк гиганттардан алган инвестициялары менен көңүлдү бура баштагандыгын кабарлаган.  Акыркы инвестиция кабары да  немис мода гиганты Уго Босс тарабынан келди. Уго Босс келерки жылы Түркиядагы жумуш менен камсыз кылууну миң адамга көбөйтөт.



Тектеш кабарлар