Түрк басма сөзү 4.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1714095
Түрк басма сөзү 4.09.2021

«Хабер түрк» гезити: «Эрдоган Жаштарды ишке орноштуруу боюнча улуттук стратегия жана Иш планы тууралуу маалымат бөлүштү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Твиттердеги баракчасынан: «Түркияда жаш калктын саны боюнча өтө аз өлкөлөр ээ болгон чоң потенциал бар. Бул жагынан абдан маанилүү кадам болгон Жаштарды ишке орноштуруу боюнча улуттук стратегиясы жана иш планы бардык жаштарыбызга пайда алып келсин» дегенин жазган.

«Сабах» гезити: «Улуттук коргоо министрлигинен террор менен күрөшүү боюнча маалымат» аттуу кабарында Улуттук коргоо министрлигинин кечээ терроризмге каршы күрөшүү боюнча маалымат бергенин билдирген. Буга ылайык, акыркы бир айда 4ү чоң, 17си орто масштабдуу жалпы 21 операция жүргүзүлдү. Сентябрда 139 террорист, 2021-жылы жалпы 2081 террорист жок кылынды.

«Хүррийет» гезити: «Угур Шахинден эмдөө билдирүүсү» деген маалыматында Pfizer менен биргеликте коронавирус (Ковид-19) вакцинасын иштеп чыккан BioNTechтин жогорку жетекчиси профессор Угур Шахин, вирустун мутациясын уланта турганын жана бул жагдайдын вакциналар камсыздаган иммунитетти төмөндөтүшү мүмкүн экенин айтканын жазган. «Financial Times» гезити кабарлагандай, Шахин бул абал жаңы вакциналарды иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтүшү мүмкүн деп жактады.

«Стар» гезити: «Автомобиль экспорту сентябрда 2,5 миллиард долларга жетти» деген маалыматында Түркиянын автомобиль өнөр жайынын экспорту өткөн айда 2,5 миллиард долларды түзгөнүн билдирген. 2021-жылдын январь-сентябрь мезгилинде автомобиль экспорту өткөн жылдын тийиштүү айларына салыштырмалуу 24 пайызга өсүп 21,3 миллиард долларга жетти.

«Ватан» гезити: «Исмаил Демир: METE бутаны таамай атат» деген кабарында Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтери уланып жатканын маалымдаган. Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир, Roketsan тарабынан иштелип чыккан жана сыналган Лазердик башкарылуучу ракета системасы METEнин коопсуздук күчтөрүнө талаада олуттуу артыкчылык берерин жана бутаны таамай атарын жарыялаганын жазган.



Тектеш кабарлар