Түрк басма сөзү 09.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1705128
Түрк басма сөзү 09.09.2021

«Йени шафак» гезити «Египет менен консультацияларды улантуу үчүн келишим» аттуу маалыматында Түркия-Египет консультацияларынын экинчи айлампасы Анкарада өткөнүн маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүү жасаган Тышкы иштер министрлиги, эки өлкөнүн мамилелерди нормалдаштыруу жана консультацияларды улантуу үчүн кошумча кадамдарды таштоого чечкиндүү экенин жарыялады.

«Стар» гезити «Гвинеядагы аскердик төңкөрүштүн себеби ачылууда» деген маалыматында Гвинеядагы акыркы аскердик төңкөрүштү Франциядан бөлөк кароо мүмкүн эместигин баса белгилеген эксперттердин Франция сыяктуу Батыш өлкөлөрүндө даярдыктан өткөн Гвинея офицерлери президент Альфа Конденин өлкөнү Орусияга жана Түркияга жакындатуусуна ыңгайсыз абалда экенине көңүл бурушканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң чоң аэрокосмостук жана технология фестивалы TEKNOFEST уланууда» деген кабарында TEKNOFEST Авиация, космос жана технология фестивалынын алкагында Рокетсандын демөөрчүлүгү жана Түркиянын илимий технологиялык изилдөө кеңешинин (TÜBİTAK) колдоосу менен 1-сентябрда Туз Гөлүндөгү Хисар атуу талаасында башталган «Ракета жарыштары» уланууда экенин маалымдаган. Дүйнөдөгү эң чоң аэрокосмостук жана технология фестивалында, жогорку класстын окуучулары өздөрү ойлоп тапкан, иштеп чыккан жана өндүргөн бийиктикке учуучу ракета атуулары менен өздөрүн сынашат.

 «Сабах» гезити «Вакцинаны иштеп чыгуу «күчтүү өлкө» дегенди билдирет» аттуу кабарында Вакцинаны иштеп чыгуу каржылык жактан да, илимий ресурстар жагынан да татаал иш экенин белгилеген. Коронавируска каршы вакциналар; Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), Англияда, Европада (биргелешип), Кытайда, Россияда жана Индияда иштелип чыккан. Түркия жакында коронавирустук вакциналарды чыгаруучу эң күчтүү өлкөлөрдүн бирине айланат. Атамекендик коронавирус вакцинасы Turkovac кышка чейин кеңири колдонулушу күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Атамекендик унаасы TOGG 2022 -жылы конвейерден чыгат» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын күтүлгөн атамекендик автоунаа TOGG 2022 -жылы конвейерден чыгып, жолдо болорун жарыялаганын жазган. Варанк автоунаа долбоорунда бардык нерсенин пландалгандай уланып жатканын жана биринчи жергиликтүү машинанын Түркияны автомобиль тармагынын жаңы лигасына алып барарын айтты.



Тектеш кабарлар