Түрк басма сөзү 08.09.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1704353
Түрк басма сөзү 08.09.2021

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан Афганистан тууралуу билдирүү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Афганистанда Талибан жарыялаган убактылуу өкмөттүн кай жерге чейин барары белгисиз экендигин белгилеп : «Биздин ишибиз бул процессти кылдаттык менен иликтөө»,- дегенин жазган.  Эрдоган Кабул аэропортунун иштетилиши тууралуу : «Биз башынан бери позитивдүү мамиле кылдык. Принциптерибизге  карата оң процесс улантыла турган болсо биз да ошого карата мамилени ортого салабыз»,- деди.  

«Йени шафак» гезити «Эрдоган акыркы 19 жылда жасалган туннелдер тууралуу маалымат берди» деген макаласында президент Эрдогандын соцтармактан берген маалыматында : «Тоолорду тештик, деңиздерден аштык, акыркы 19 жылда жалпы 567 километр узундукта 364 туннелди кызматка ачтык. Иш жана кызмат саясаты менен кыялдарыбызды ишке ашырууну улантабыз»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Түрк портторунда кыймылдуулук» деп жазып, экспорттогу өсүүгө пареллель катары Түркия портторунун да азыркы учурда иштеп  жаткандыгына токтолгон. Өзгөчө июль жана август айларында порттордо коронавиурстан мурдагы мезгилге караганда  7, 9 пайыздык өсүү болду. Экспортто темир – болот, уй буюмдары жана азык – түлүк алдыга чыгууда. Автомобиль тетиктери болсо импорттун эң чоң булактары.

«Стар» гезити «Казакстан Түркиянын тажрыйбаларынан колдонууну каалайт» деген кабарында түрк инвесторлорду өлкөсүнө чакырган Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбек уулу Түркиянын саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы тажрыйбаларынан пайдаланунуну каалагандыгын айтканын маалымдаган. Сапарбек уулу Казакстандагы чоң көйгөйлөрдүн бири окуу жайы жана жатканалардын жетишсиз экендигин, Түркиянын өлкөсү менен бул тууралуу кызматташа аларын айтты.

«Хүррийет» гезити «Согушкан учкучсуз аба аппараттары жарышууда» деп билдирип, TEKNOFEST авиация, космостук жана технология фестивалынын негизинде уюштурулган «Согушкан учкучсуз аба аппараттарынын жарышы» кечээ Бурсада башталгандыгын жазган. TEKNOFEST жарыштарына катышуу жыл сайын көбөйүүдө. 50 000ге жакын командада 250 000 жаштар TEKNOFEST жарыштарына катышууда. Фестиваль сентябрь айынын акырына чейин улантылат.



Тектеш кабарлар