Түрк басма сөзү  03.09.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1701912
Түрк басма сөзү  03.09.2021

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглунан Кабул аэропорту тууралуу билдирүү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ берген маалыматында Кабул аэропортунун иштетилишине байланыштуу : «Талибандан жана айрым өлкөлөрдөн биз менен кызматташуу тууралуу талаптар келүүдө. Булардын баарын карап чыгабыз. Баары ишене турган коопсуздук түзүлүшү керек. Муну Талибанга билдирдик»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Өмер Челик миграция толкунуна каршы эл аралык коомчулукту эскертти» деген маалыматында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин кечээ Афганистандагы акыркы абалга токтолуп, болушу ыктымал болгон миграция толкунуна каршы эл аралык коомчулукту эскерткенин маалымдаган. Челик Түркиянын качкындарды кабыл ала турган абалда эмес экендигин баса белгиледи.

«Стар» гезити «Шейх Мухаммед : Техникалык колдоо тууралуу Түркия менен бирдикте иштеп жатабыз» деп жазып, Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Санинин : «Кабул аэропортунун кайрадан ачылышы үчүн Түркия менен бирдикте иштеп жатабыз»,- дегенине токтолгон.

«Йени шафак» гезити «Экспорт сандары билдирилди» деген маалыматында соода министри Мехмет Муштун август айындагы экспорттун өткөн жылдын ушул эле айына караганда 52 пайыздык өсүү менен 18, 9 миллиард долларга жеткендигин белгилегендигин билдирген. Муш : «Бул сан менен август айындагы эң жогорку экспорт санына жеттик. Өзгөчө акыркы 12 айлык экспорттук наркыбыз 207, 5 миллиард доллар менен жаңы бир республика рекордуна жетти»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Кушадасы портуна 16 айдан кийин биринчи жолу круиздик кеме келди» деп маалымдап, Ковид  - 19  эпидемиясынан улам 16 айдан кийин Айдын облусунун Кушадасы Эгей Порт портунун алгачкы круиздик кемени тосуп алгандыгын  жазган. Бахама желектүү "Blue Sapphire" кемесиндеги 450 орус жараны туристти элдик бий тобу тосуп алды.



Тектеш кабарлар