Түрк басма сөзү 2.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1701235
Түрк басма сөзү 2.09.2021

«Хүррийет» гезити : «Президент Эрдоган: Биз дүйнөнүн эң ылдам өскөн экинчи экономикасы болдук» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээги билдирүүсүндө экинчи чейректе түрк экономикасынын 21,7 пайыз өскөнүн эске салып, Түркиянын дүйнөнүн экинчи эң ылдам өскөн экономикасы экенин айтканын жазган.

«Сабах» гезити: «Чавушоглу Сербиянын Улуттук Парламентинин төрагасы Дачич менен жолугушту» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Сербияга сапарынын алкагында Улуттук Парламенттин төрагасы Ивица Дачич менен жолугушканын кабарлаган. Чавушоглу социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Сербиянын Улуттук Парламентинин төрагасы досум Ивица Дачич менен жолуктук. Карым-катнаштарыбыздын парламенттик өлчөмүнө чоң маани берүүдөбүз»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити: «Акар: Түрк аскерлери дүйнөнүн тынчтыгына кызмат кылууда» деп айтканын билдирген. Кабарда улуттук коргоо министри Хулуси Акардын  кечээ Ооганстандан эвакуацияларга байланыштуу билдирүү жасап: «Түрк аскерлери буга чейин кызмат кылган бардык аймактарда болгону сыяктуу эле Ооганстанда да ата-бабаларына, даңазалуу тарыхына ылайыктуу түрдө милдеттерин ийгиликтүү аткарып ооган элинин жүрөгүн багындырды жана дүйнөнүн тынчтыгына кызмат кылуунун сыймыгы менен аман-эсен мекенине кайтып келишти»,-дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити: «Стамбул аэропорту Европанын эң натыйжалуу аэропорту деп тандалды» деген маалыматында Стамбул аэропорту, Аба транспортту изилдөө агенттиги (ATRS) тарабынан 40 миллиондон ашуун жүргүнчү ташуу категориясында "Европанын эң натыйжалуу аэропорту" сыйлыгына татыганын билдирген.

«Стар» гезити: «Түркия дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарында» аттуу кабарында Түркия өткөн жылы ишке берилген 2500 мегаваттык гидроэлектр кубаты менен бул тармакта эң жогорку кубаттуулукка ээ болгон дүйнөдөгү 10 өлкөнүн катарына киргенин билдирген. Түркиянын гидроэлектр кубаты июль айынын аягынан тарта болсо 31 миң 436 мегаваттка жетти.



Тектеш кабарлар