Түрк басма сөзү 1.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1700747
Түрк басма сөзү 1.09.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын учкучсуз учуучу аппараттарга, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга  жана Акынжыга басым жасоосу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдагы аземде сүйлөгөн сөзүндө азыр учкучсуз учуучу аппараттарыбыз, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз (КУУА / SİHA) жана AKINCIбыз бар экенин айтып, «Биз эми дарбазаларда кайырчы болбойбуз, тескерисинче азыр баары бизден сурап жатышат. Биз Азербайжанга КУУАларыбыз менен бардык, Ливияга КУУАларыбыз менен бардык. Мындан ары биз эч кимдин эшигинде кайырчы болбойбуз»,деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Дагы бир өлкө кезекке өттү» деген кабарында Азербайжан, Катар, Украина,Тунис жана НАТОго кирген Польшадан кийин Ирак да Түркиянын КУУА / SİHAсына умтулганын маалымдаган. Ирактын коргоо министри Жума Инад; Байрактар ​​TB2, T129 ATAK тик учактарын жана заманбап куралдарды сатып алууну каалашкандарын айтты.

«Стар» гезити «Түркиянын тышкы көз карандылыгын жок кыла турган ачылышта чоң жаңылык» деген кабарында Түрк Мунай заттары акционердик коомунун (TPAO) социалдык медиа эсебинде бөлүшүлгөн постто «Сакария газ талаасындагы Түркали-2 чалгындоо кудугундагы 2-запас деңгээлиндеги кудуктун агымын текшерүүнү ийгиликтүү аяктадык»,деген билдирүү жасалганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Дүйнө жүзүн кыдырып, дарысын түрк дарыгерлеринен тапты» аттуу кабарында Сколиоз менен ооруган жана дарылануу үчүн Германия жана АКШ сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырган 13 жаштагы британиялык бийчи Оливия Бакли дартты түрк дарыгерлеринен тапканын жазган. Чогултулган кайрымдуулуктун жардамы менен Англиядан Түркияга дарылануу үчүн келген жаш бийчи, ийгиликтүү операциядан кийин майыптар коляскасы менен кирген ооруканадан бийлеп чыгат.

«Хабер түрк» гезити «Тордун Султандары жарым финалда» аттуу кабарында «Тордун Султандары» Европа чемпионатынын чейрек финалында Польшаны 3-0 эсебинде утуп, жарым финалга өткөнүн сүйүнчүлөп жазган. Турнирдеги бардык жети беттеште жеңишке жеткен биздин ай жылдыздуу команда 3-сентябрда жарым финалда Сербия-Франция беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет.



Тектеш кабарлар