Түрк басма сөзү 19.08.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1693728
Түрк басма сөзү 19.08.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын талибдер менен сүйлөшүү үчүн билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын түз эфирде Ооганстандагы окуяларга баа берип жатып: «Тиешелүү мекемелерибиз бир топтон бери Талибан менен байланышта. Биз буга чейин талибдердин башкаруучуларын кабыл ала аларыбызды айтканбыз. Ооган элинин тынчтыгы жана өлкөбүздүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн кызматташуу биз ар түрдүү кызматташууга даярбыз. Биз алардын сабырдуу жана жумшак билдирүүлөрүн кубаттайбыз»,деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Акар: Ооганстандагы Мехметчиктин коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрдүк» деген кабарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Ооганстандагы окуяларга байланыштуу «Мехметчиктин (Түрк аскери) коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрдүк жана көрүүдөбүз»дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «TAF «Учуучу чепти» жөнөттү» аттуу кабарында Талибан Кабулда көзөмөлдү калыбына келтиргенден кийин Түркияга кайтуу үчүн арыз берген 200дөн ашуун түрк жаранын алып жүргөн Түрк аба күчтөрүнүн А400 М үлгүсүндөгү «Учуучу чеп» деп мүнөздөлгөн транспорт учагы Кабулдан учуп кеткенин маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Ливиядан билдирүү: Түркия менен болгон келишимибизди бузбайбыз» аттуу маалыматында Ливия менен Түркиянын ортосунда кол коюлган келишимди токтотуу чакырыктары боюнча билдирүү жасаган Ливия Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид ал-Мишринин «Биз келишимди токтотуу өтүнүчүн толугу менен четке кагабыз жана айыптайбыз»,дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Немистер менен орустар күзүндө Түркияда» аттуу маалыматында германиялык жана орусиялык туристтер күздү Түркияда өткөрүшөөрүн жазган. Сентябрда жээктеги мейманканалар 80 пайызга толсо, суроо-талап октябрда уланып, сезон ноябрдын ортосуна чейин созулушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар