Түрк басма сөзү 29.07. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1681998
Түрк басма сөзү 29.07. 2021

«Йени шафак» гезити «Кара деңиз жаратылыш газы күйгүзүлдү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Скария аянтындагы газ күйгүзүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө : «Кара деңиз газынын ишке кириши менен тышка болгон көз карандылыгыбызды азайтабыз. Газдын биринчи фазасын 2023 -  жылга жетиштирүү үчүн чоң күч сарптап жатабыз»,- дегенин кабарлаган. Президент алдыбыздагы жылы 169 километрдик түтүктүн деңиз түбүнө жайгаштырыларын  баса белгилеп : «Бул дүйнөнүн эң узун  жана терең деңиз түбүндөгү байланыш болот»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядан Буркина Фасого МЕМАТТ экспорту» деген макаласында улуттук коргоо министрлигине караштуу мекеме АСФАТ өндүргөн Механикалык мина тазалоо аппараты МЕМАТТтын Азербайжандан кийин эми Буркина Фасого экспорттогондугун белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан чоң ийгилик» деген маалыматында  борбору Лондон болгон ой мекемеси Эмбердин бул жылдын биринчи жарымын камтыган Европа электр энергиясы боюнча анализине караганда, Түркияда бул мезгилде шамал жана күндүн жалпы электр энергиясын өндүрүүдөгү үлүшү 12, 9 пайызга жогорулагандыгын маалымдаган. Түркия шамал жана күндөн электр өндүрүүдө Европа өлкөлөрүнүн арасында 17 -  орунда турат.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору күнүмдүк 1323 каттам саны менен Европада экинчи орунда» деп жазып түрк аба жолдорунун күнүмдүк 1323  каттам менен Европада эң көп каттам аткарган 2 -  аба жолу болгонуна токтолгон. Пегасус аба жолдору да Европада эң көп учкан аба жолу тизмесинде 8 -  орунда турат.

«Хабер түрк» гезити «Патарадагы казууларда 2 300 жылдык балык скелеттери табылды» деген кабарында Антальянын Каш районундагы Патара байыркы шаарында жүрүзүлүп жаткан казуу иштеринде тамактардын калдыктарынан калган 2300 жылдык балык скелеттеринин табылгандыгын кабарлаган.

 



Тектеш кабарлар