Түрк басма сөзү  16.07.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1676320
Түрк басма сөзү  16.07.2021

«Йени шафак» гезити «15 -  июлда аянттар кайрадан толуп ташты» деген кабарында Фетуллахчы террордук уюмдун 2016 -  жыл 15 -  июлдагы кандуу төңкөрүш кыймылынан бери 5 жылдын өткөндүгүн белгилеген. Ал  түнү президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен  аянттарга чогулган жарандар абдан чоң баатырдыктын дастанын жазды. Кечээ Түркия өлкөнүн төрт бир тарабында шейиттерин эскерип, төңкөрүшчүлөргө каршы жетишилген жеңишти куттукташты.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : чоң жана күчтүү Түркиянын курулушуна тоскоол боло алышпайт» деген макаласында президент Эрдогандын 15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнөн улам улутка кайрылгандыгын жазган. Эрдоган : «Элибизге каршы тымызын ниети бар дымактуу адамдарга ийгиликтүү боло албай тургандыгын айтып жатабыз. Кечээ ийгиликтүү боло алышпады, бүгүн  ийгиликтүү боло алышкан жок, эртең да буйруса ийгиликтүү боло алышпайт. Чоң жана күчтүү Түркиянын курулушуна тоскоол боло алышпайт»,- деди.

«Ватан» гезити «15 – Июль Демократия музейи ачылды» деп жазып, президент Эрдогандын президенттик комплекстын маңдайына курулган, ФЕТӨнүн чыккынчы төңкөрүш кыймылы атайын үн жана эффекттер менен баяндалган, 15 -  Июль Демократия музейинин ачылышын аткаргандыгына токтолгон. Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен музейде төңкөрүш кыймылына каршы турган жарандардын башынан өткөндөр атайын чыгарылган тасмаларды көрүштү.

«Хабер түрк» гезити  "Улуттук биримдиктин жана руханий күчтүн символу" деген маалыматында ФЕТӨнүн 2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылында  биримдиктин символу болгон селалардын 81 облустагы 90 000 мечитте кайрадан окулгандыгын кабарлаган. Төңкөрүш кыймылында элди биримдикке чакырган  села үнү Түркия убактысы боюнча саат 00:13төн тарта жалпы өлкөдөгү бардык мечиттерде бир убакта окулду.

«Стар» гезити «Дүйнөнүн эң белгилүү аянтынан кабар . Түркия жеңилбес» деген кабарында АКШнын Нью  -  Йорк шаарындагы Таймс аянтында санариптик чоң экрандан 15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнүн негизинде ФЕТӨнүн кылган төңкөрүшүнө каршы түрк улутунун  күрөшүн камтыган видеонун жарыялангандыгын маалымдаган. Аянттагы санариптик чоң экранда 'Демократия жеңиши' жана 'Түркия жеңилбейт' деген билдирүүлөр менен көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар