Түрк басма сөзү 28.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1665931
Түрк басма сөзү 28.06.2021

«Йени шафак» гезити «Кадам-кадам калыбына келтирүү» аттуу маалыматында 1-июлда баштала турган акырындык менен нормалдаштыруунун чоо-жайы белгилүү болгонун жазган. Ички иштер министрлиги жарыялаган циркулярга ылайык, бардык жумуш орундары жана кинотеатрлар кайрадан ачылып, кадимки жумуш убактысы кайрадан элге берилип жатат. Тамактануучу жерлериндеги адамдардын саны жана үйлөнүү үлпөтүнө катышуучулардын саны боюнча чектөөлөр алынып салынууда. Жаңы мезгилде концерттер жана фестивалдар акысыз болуп, сейил бактарда жана эс алуу жайларында чектөөлөр болбойт.

«Хабер түрк» гезити «Кара деңиздеги жаңы жаратылыш газынын ачылышы - убакыт талабы» аттуу маалыматында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмездин эгер Кара-Деңизде быйыл жетишпей калса, келерки жылдын биринчи кварталында дагы бир чалгындоо бургулоону пландаштыра тургандыктарын жарыялаганын жазган. Кара деңиздин түшүмдүүлүгү жагынан олуттуу потенциалы бар аймак экендигин айткан Дөнмез: «Эгерде биз буга чейинки маалыматтар сыяктуу маалыматтарга туш болсок, анда түндүк-батышта жайгашкан аянттагы ачылышты түшүндүрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушубуз мүмкүн», - деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын санариптик базар мыйзамы келе жатат» деген кабарында Түркияда Санариптик базар мыйзамына даярдыктар уланууда экенин маалымдаган.  Жобо 2022-жылдын биринчи жарымында ишке ашырылышы керек. Санариптик базар мыйзамы керектөөчүнү дагы, сатуучуну дагы коргой турган мыйзам болорун айткан Атаандаштык уюмунун төрагасы Бирол Күле: «Европа Биримдиги (ЕБ) Парламентинен жана Германиядан кийин биз биринчи болобуз»,-деди.

«Сабах гезити» гезити «АКШлык компаниялардын Түндүк Кипр Түрк Республикасына болгон кызыгуусу жогорулады» деген маалыматында Америка Түрк ишкердүүлүгүн өнүктүрүү кеңешинин (ATBD Counsil) ардактуу төрагасы Угур Терзиоглунун Брюсселде Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин жолугушууларынан кийин Түркиянын АКШга экспорту тездик менен өскөнүн айтканын баяндаган. Терзиоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) АКШ менен оңой соода жүргүзө алаарын жана АКШнын белгилүү компанияларынын Түндүк Кипр Түрк Республикасында кеңселерин ачканын айтты.

«Стар» гезити «Гөбеклитепе дүйнөдөгү эң популярдуу жайга айланат» деген кабарында Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюмунун (ЮНЕСКО) Бүткүл Дүйнөлүк Мурастар Тизмесине кирген дүйнөдөгү эң эски конуш болгон Гөбеклитепенин айланасында дагы бир катар маанилүү борборлор табылганын маалымдаган. Гөбеклитепенин айланасында 100 чакырымдык сызыкта ачылган 11 чекиттүү адырлардагы иштер аяктоо алдында турат. Сентябрь айында аймак жөнүндө презентация болот.



Тектеш кабарлар