Түрк басма сөзү 23.06. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1663064
Түрк басма сөзү 23.06. 2021

«Стар» гезити «Ата мекендик вакцинанын аты белгилүү болду» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын үчүнчү фазанын биринчиси берилген Ковид  - 19га каршы вакцина менен Түркияда жаңы бир мезгилдин каалгаларынын ачылгандыгын айтып, вакцинанын аты  'TURKOVAC' экендигин билдиргенин жазган.

«Сабах» гезити «Эрдогандан ата мекендик вакцина тууралуу маалымат» деген макаласында президент Эрдогандын Катар Экономикалык Форумунда  сүйлөгөн сөзүндө  дүйнөдөгү вакцина адилетсиздиги тууралуу : «85 жакыр өлкөнүн вакцинага жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Вакцина жана дары  - дармектер адилеттүү түрдө бардык өлкөлөргө бөлүштүрүлүшү керек»,- дегенин белгилеген. Эрдоган Түркиянын жергиликтүү вакцинасынын бардык адамзаттын вакцинасы болорун айтты.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигинен Түркия тууралуу билдирүү» деген маалыматында Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин Европа Биримдигинин Түркия менен мигранттар тууралуу келишимин жаңылашы керектигин айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «АКШлык техникалык делегация Түрияга келет» деп жазып, АКШ коргоо министрлигинен техникалык делегациясынын Афганистандагы Хамид Карзай эл аралык  аэропортуна карата аткарыла турган иштерди сүйлөшүү үчүн эртең Түркияга келерине токтолгон.

«Йени шафак» гезити «Бул жылы турист саны 20 миллиондон ашат» деген кабарында туризм тармагынын өкүлдөрү чектөөлөрдүн жоюлушу менен түрк эс алуу жерлерине талаптар менен резервациялардын көбөйгөндүгүнө көңүлдөрдү бургандыгын билдирген.  Россиянын учак каттамдарына уруксат берүү чечиминен кийин аба жолунда 30 пайыздык өсүү болгондугу билдирилди. Өткөн жылы 16 миллион турист келген болсо бул жылкы күтүү азыртадан 20 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар