Түрк басма сөзү  22.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1662526
Түрк басма сөзү  22.06.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган кабинет жыйынынын чечимдерин билдирди» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Кабинет жыйынынан кийин берген маалыматында Түркияда 1 -  июлдан тарта коменданттык сааттын толугу менен жоюларын айтканын кабарлаган. Эрдоган Ковид  - 19га каршы эмдөө программасы тууралуу : «Акыркы бир жумада дүйнө боюнча эң көп эмдеген өлкө болдук»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Германиядан Түркия тууралуу билдирүү» деген макаласында Германиянын тышкы иштер министри Хеико Маастын Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы миграция келишиминин жаңыланышын талап кылгандыгын белгилеген. Маас  Welt гезитине берген билдирүүсүндө : «Түрк өкмөтү менен болгон бардык кыйынчылыктарга карабастан бул өлкөнүн маанисиз деп эсептелбей турганчалык миграция жүгүн биз үчүн мойнуна алганын кабыл алуу керек»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия менен өнөктөштүккө даярбыз» деген  маалыматында Украинанын мамлекеттик космостук агенттигинин төрагасы Владимир Тафтай Түркия менен коргонуу өнөр жайында болгондой космостук тармакта да көптөгөн биргелешкен долбоорлорду жүргүзө алышарын айтканын жазган. Тафтай Түркиянын Укриана үчүн алдыңкылык берилген өнөктөш экендигин белгилеп, кызматташууну күчтөндүрүү менен Украина жана Түркиянын космостук ракета же спутник жибере аларын айтты.

«Ватан» гезити «Куралдуу учкучсуз деңиз унаасынын массалык өндүрүшү башталууда» деп жазып, коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин көгүлтүр мекендин коргонуусунда орчундуу роль аткара турган жергиликтүү өндүрүш куралдуу  учкучсуз деңиз унаасынын массалык өндүрүшүнүн башталарын жарыялаганына токтолгон. Демир кезекте башка моделдердин да бар экендигин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Хакан Чалханоглу Интерге трансфер болуп жатат» деген кабарында Милан  менен келишими акырына чыккан улуттук футболчу Хакан Чалханоглу А сериасынын акыркы  чемпиону Интер менен келишим түзгөндүгүн маалымдаган. Хакан медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин 3 +1 жылга жаңы команда менен келишимге кол коет.



Тектеш кабарлар