Түрк басма сөзү  21.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1661766
Түрк басма сөзү  21.06.2021

«Стар» гезити «Эрдоган : Качкындарды миграцияга мажбурлаган себептерди жок кылуу шарт» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын Дүйнөлүк качкындар күнүнөн улам жарыялаган  билдирүүсүндө : «Качкындарды миграцияга мажбурлаган себептердин жок кылынышы, кагылышууларды жана  туруксуз абалдардын акырына чыгарылышы, бул кишилердин үйлөрүнө кайтышы үчүн аракет кылуу шарт»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглунан Греция тууралуу билдирүү» деген кабарында Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын «Түрк агрессиясын Түркиянын өзүнө каршы курал катары колдондук»,- деген билдирүүсүнө Түркиядан жооп келгендигин жазган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Греция көкүтүүчү кадамдардан жана чагымчылдыктан баш тартышы керек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Украинанын тышкы иштер министри эс алуу үчүн жарандарын Антальяга чакырды» деген макаласында Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулебанын украиналыкдарды эс алуу үчүн Антальяга чакыргандыгын белгилеген. Кулеба : «Украиналык туристтер деңиздин ырахатын чыгарып, Түркиянын тарыхын жакындан билүү мүмкүнчүлүгүнө жетише алат»,- деди.

«Сабах» гезити «Учак каттамдарына карата уруксаттын берилиши орус туристтерди кубантты» деп жазып,  Россиянын пандемиядан улам Түркияга карата киргизген учак каттамдарындагы чектөөлөрдү жойгонуна токтолгон.  Орустар 1 саатта тур фирмаларынын интертен сайттарына киришти. 5 айда 7 миллион орус туристтин Түркияга келиши күтүлүүдө.

«Йени шафак» гезити «Ле Фигаро гезити окурмандарын Түркияга чакырды» деген кабарында Франциянын «Ле Фигаро» гезитинин «Түркияга баруу үчүн 5 себеп» деген темада макала жарыялаганын маалымдаган. Түркияда кыдырып көрүлө турган жерлер сунушталган жазууда Гөбеклитепе, Бодрум, Мугла, Шакирин мечити, Чыгыш Экспресси  жана айрым белгилүү кебапчылар сөзсүз барылышы керек болгон жана кыдырылышы керек болгон жерлер катары аталды.



Тектеш кабарлар