Түрк басма сөзү 18.07. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1660459
Түрк басма сөзү 18.07. 2021

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Аймактагы саясий маселелер үчүн диалогдон башка чечүүчү жол жок» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Анталияда  болгон «Түштүк – Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кызматташуу процесси саммитинен» кийин  берген маалыматында саммитте миграция жана эпидемия тууралуу биргеликте күрөшүүгө басым жасалгандыгын белгилеп : «Аймактагы саясий маселелердин чечилиши үчүн диалогдон башка чечүүчү жолдун жок экендигин ойлоп жатабыз. Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процесстеринин ылдамдатылышы биримдикке глобалдык өлчөмдө пайда алып келет»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Союздаштыктагы бардык өлкөлөр Түркияны колдоо керек» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушкан  Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп  - Карренбауэр  Афганистанда болгон абалдар тууралуу : «Түркия маанилүү ролду актаруу багытында маанилүү кадамды таштай турган болсо ыраазычылыгыбызды билдирерибизди айттым. Түркияга бардык союздаш өлкөлөр колдоо бериши керек»,- дегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Алок Шарма: Эмине Эрдогандын аракеттери ийгиликтүү» деген маалыматында БУУнун Климаттык алмашуу конференциясынын төрагасы Алок Шарманын «Сабах» гезитине жазган макаласында Түркиянын климаттык алмашуу тууралуу күрөшүнөн мактоо менен сөз  кылып : «Президенттин жубайы Эмине Эрдоган тарабынан баштатылган таштандысыз чөйрө аракеттери, токойлорду коргоо жана чөлдөшүүнү алдына алуу пландары абдан ийгиликтүү»,- деп жазгандыгын  белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Франциянын Түркия чечими» деп жазып, Франция Ковид  - 19 эпидемиясын алдына алуу максатында саякат чектөөлөрүн киргизген «кызыл зонага кирген өлкөлөр» тизмесинен Түркияны чыгарганына токтолгон. Түркиядан Францияга саякатка бара тургандар үчүн 10 күндүк мажбур түрдөгү карантин жоюлду.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдорунун тамактардыруу чечими»  деген жазуусунда түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экшинин 18 -  июндан тарта бардык өлкө тышы каттамдарда учакта тамак бериле баштай тургандыгын айтканын кабарлаган.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар