Түрк басма сөзү  16.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1658953
Түрк басма сөзү  16.06.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган менен Алиев Шуша декларациясына кол койду» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Шушада Шуша декларациясына кол койгондугун кабарлаган. Эрдоган сүйлөгөн сөзүндө Карабахтын ээлеринин колуна өткөндүгүн белгилеп : «Түркия катары Шушага эң кыска убакытта башкы консулдук ачууну пландап жатабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Алиев Халук Байрактарга «Карабах орденин» берди» деген маалыматында президент Эрдогандын Азербайжанга жасаган расмий сапарында Азербайжанждын президенти Илхам Алиевдин Байкардын башкы директору Халук Байрактарга «Карабах орденин» тапрышганын жазган.

«Карабах ордени»  Байкар тарабынан чыгарылган куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын Карабах жеңишинде чоң роль ойногондугу үчүн берилди.

«Йени шафак» гезити «Немис басма сөзүндө Селчук Байрактарга мактоо» деген макаласында Германияда чыккан Handelsblatt гезитинин Түркия ээ болгон куралдуу учкучсуз аба аппараттары тууралуу жарыялаган макалада БАЙКАР  техникалык директору Селчук Байрактардан мактоо менен сөз кылгандыгын маалымдаган. Макалада : «41 жаштагы түрк демилгечи Байрактар өлкөсүнүн ыктымалдуу согуштарда дагы жакшы абалга келишине мүмкүнчүлүк түздү жана коңшу Россияны кыжырдантты»,- деп жазылган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия гидроэлектрде дүйнөлүк тизмеде жогорулап баратат» деп жазып, Түркиянын өткөн жылы курган 2 480 мегаваттык жаңы гидроэлектр энергиясы менен Европада лидерлигин улантып, дүйнөдө экинчи орунга чыккандыгына токтолгон.

«Стар» гезити «Түркия үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк» деген кабарында  Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын (ЕРӨБ) Жашыл экономика жана климаттык иш-аракеттер боюнча директорунун орун басары Кристиан Карареттонун :  "Суу текке болгон суроо-талап азыркы учурда эң көп Европадан чыгууда. Бул жактан алып караганда суутекти Түркияда өндүрүп, Европага сатууга болот»,- дегенин жазган.



Тектеш кабарлар