Түрк басма сөзү 18 .05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1641224
Түрк басма сөзү 18 .05.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан Байденге: Кандуу колдоруң менен тарых жазып жатасың» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын Израилге курал сатууну бекитишине каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Эрдоган  АКШнын президенти Жо Байденге : «Ашыкча күч колдонуу менен Газага кол салган жана жүз миңдеген кишинин шейит болушуна себеп болгон бул окуяда да тилкке каршы сиз кандуу колдоруңуз менен тарых жазып жатасыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Кудс сунушу» деген макаласында президент Эрдогандын Кипрде болгондой Палестинада да эки мамлекеттүү адилеттүү чечүүчү жолду жакташкандарын белгилеп : «Борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетинин курулушу үчүн  аракет кылабыз»,- дегенин билдирген. Эрдоган Кудстун үч диндин өкүлү тарабынан башкарылуусунун азыркы күндүн шарттарына ылайык эмес экендигин айтты.

«Стар» гезити «Израилди бойкот кылууга чакыруу» деген маалыматында Босния   Герцеговинада Демократиялык кыймыл партиясынын лидери Бакир Изетбеговичтин президент Эрдогандын палестиналыктарга карата жасалгандарга бийик үн чыгарган аз сандагы лидерлердин бири экендигин айтканын маалымдаган. Израиль бомбалаган кыйрандылардан жансыз балдардын денесинин чыгарылгандыгын баса белгилеген Изетбегович мусулмандарды Израилди бойкот кылууга чакырды.

«Ватан» гезити «ПККга оор сокку урулду» деп жазып ПКК жикчил террордук уюмдун  Сирия жооптуусу «Софи Нуреттин» аттуу  террористтин Улуттук Чалгындоо Уюмунун Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн операциясында жок кылынгандыгына токтолгон. ПККнын башкаруучуларынан болгон Сирия тектүү бул террорист узун убакыттан бери уюмдун куралдуу канатынын башкаруучулугун аткарып, андан кийин да Сириядагы террордук кыймылдарды башкарууга өткөн.

«Сабах» гезити «Түркия дүйнөгө адамзаттык сабагын берип жатат» деген кабарында Измирдин Сеферихисар районуна жакын жерде кызмат кылган жээк коопсуздук учагынын кайыктардагы бир группа качкынды Грециянын  түрк тарабына таштагандыгын аныктаганын билдирген. Милдеттендирилген жээк коопсуздук катери  2 кайыктагы 32 качкынды куткарды.  



Тектеш кабарлар