Түрк басма сөзү 13.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1638744
Түрк басма сөзү 13.05.2021

 

«Стар» гезити «Президент Эрдоган: Исламофобия вирусу өзгөчө Европада тездик менен жайылууда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын "Баарыбыз Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан жылдар бою айтып келе жаткан «Дүйнө 5тен чоң» деген чакырыгыбыздын акылуулугуна күбө болдук», дегенин баяндаган. Коронавирустун жаңы түрү сыяктуу коркунучтуу Исламофобия вирусунун Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылгандыгын айткан Эрдоган: «6 миллиону түрк болгон 35 миллион мусулман бир туугандарыбыз жашаган Европа бара-бара ачык асман астындагы абакка айланып баратат»,-деди.

«Сабах» гезити «ИКУ Түркиянын демилгеси менен чогулду» аттуу маалыматында 11-майда Түркиянын демилгелери менен Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) өкүлчүлүк комитети чогулганын маалымдады. Жолугушуунун аягында Израилдин кол салуулары айыпталды. Эл аралык коргоону камсыз кылуу жана жасаган кылмыштары үчүн Израилди жоопко тартуу чакырыгы жасалды.

«Йени шафак» гезити «Палестина Түркиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине дагы бир жолу күбө болдук» деген маалыматында Кудсту коргоо миссиясынын башчысы Насир Аль-Хидминин, «Биз Палестина Түркиянын приоритеттүү багыттарынын бири экендигин дагы бир жолу көрдүк»,дегенин баяндаган. Эл аралык контекстте бул маселенин ар дайым Түркиянын алдыңкы катарында экендигин айткан Хидми: «Түркияга жана президент Эрдоганга терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.

«Ватан» гезити «Бир топтогу 12 ракета» аттуу кабарында Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир, "BMC чыгарылышы «Vuran» унаасына интеграцияланган 107 миллиметрдик Көп түтүктүү ракета аткыч (Multi Barrel Rocket Launcher (MBRL)) сыноо учурунда бутаны ийгиликтүү атты. Бир комплексте 12 ракета аткычы болгон  Көп түтүктүү ракета аткыч  «Вуран» TКKнүн карамагында»,-деп айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Апрель айында турак жай сатуу көлөмү 124 пайызга өстү» деген кабарында апрель айында Түркия боюнча 95 миң 863 үй сатылганын маалымдаган. Сатуу өткөн жылга салыштырмалуу 124 пайызга өстү. Чет элдиктерге турак жай сатуу өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 416,1 пайызга өсүп, 4 миң 77ге жетти.



Тектеш кабарлар