Түрк басма сөзү 12.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1638237
Түрк басма сөзү 12.05.2021

«Ватан» гезити: «Чавушоглу: Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) кезексиз жыйынга чакырдык» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Израилдин Масжиди Аксага жана Газага болгон кол салууларына байланыштуу буга чейин БУУнун Башкы Ассамблеясын чукул жыйынга чакыргандарын билдиргенин жазган. Чавушоглу: «Биз ар дайым ушинтип айыптап келебиз, бирок үммөт кадам таштоону күтөт. Эми мындай кол салуулар токтошу керек. Эл аралык мыйзамдын чегинде биз палестиналыктардын укугун коргошубуз зарыл. Эки мамлекеттүү чечим көз-карашынан эч качан баш тартпашыбыз керек»,-деди.

«Сабах» гезити: «Палестина Түркияга ыраазы» деген маалыматында Палестинанын Анкарадагы элчиси др. Фаед Мустафа, президент Режеп Таййип Эрдоган менен түрк элинин Израилдин зулумуна каршы ар дайым өз позициясын көрсөтүп келгенин билдиргенин кабарлаган. Түркиянын дайыма Палестина элинин үмүтү болгонун баса белгилеген Мустафа: «Палестина мамлекетинин атынан, Кудс шаарын жана Аль-Акса мечитин колдоо үчүн көчөлөргө чыккан түрк элине жана президент Эрдоганга бир туугандык мамилесинен улам ыраазычылык билдирем»,-деди.

«Хабер Түрк» гезити: «Инстаграмдын Израиль цензурасына реакция» аттуу кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Байкар компаниясынын техникалык директору Селчук Байрактардын Масжид-и Аксадагы өрт учурунда кубанып жаткан еврейлердин видеолоруна байланыштуу билдирүүсүн Инстаграмдын цензурага алганына каршылык көрсөтүп: «Жек көрүүнү ишенимге айландыргандар, ибадаткана өрттөнүп жатканда кубанып жатышат. Социалдык тармактар ​​ушул жек көрүү менен күрөшкөндөрдү цензурага алууда. Жек көрүү сөздөрүнө каршы күрөшүбүз улантылат», - дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити: «TRT World кабарчысынын Ак үйдүн катчысын бурчка такаган Палестина суроосу»  аттуу маалыматында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайстын, ТРТ Wordдун кабарчысы Юнус Паксойдун "Палестина" жөнүндөгү суроосуна эмне деп жооп берерин билбей калганын жазган. Көпкө тайсалдаган Прайс, көптөгөн жарандардын өлүмүнө себеп болгон Израилдин кол салууларын түздөн-түз айыптоодон алыс болду.

«Хүррийет» гезити: «Бештепеден 5 орчундуу билдирүү» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Хүррийетке мындай билдирүүлөрдү жасады: «АКШга F-35 согуштук учактары жөнүндөгү сунушубузду жаңылап жатабыз. Россиядан сатып алган абадан коргонуу системаларыбыз С-400дү сүйлөшүү жолу менен чечсек болот. Биз Ливиядагы (деңиз юрисдикциясы) келишимдерге баш ийебиз. Дүйнө жүзү Израилдин зулумуна "токто" деши керек. Сирияда Башар Асад менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Европа Биримдиги (ЕБ) жөнүндө айта турган болсок, топ толугу менен алардын талаасында»,-деди.



Тектеш кабарлар