Түрк басма сөзү 04.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1633438
Түрк басма сөзү 04.05.2021

«Йени шафак» гезити «АК партиянын катчысы Өмер Челик Анастасиадиске каршылык көрсөттү : Бул сыйсыздыкты ошол бойдон өздөрүнө тапшырабыз» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин Кипр рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадистин Түркияны бутага алган билдирүүлөрү тууралуу : «Түркия республикасына, элибизге каршы жасалган бул  сыйсыздыкты өздөрүнө кайтарабыз»,- дегенин жазып чыккан. Челик кечээ берген билдирүүсүндө : « Рум бөлүгүнүн Европа Биримдигин оюнчугуна айландырышы Европа Биримдиги тарабынан кабыл алынган болсо, бул алар үчүн  пайдалуу болсун»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардан рум лидери Анастасиадиске  токмок сыяктуу жооп» деген макаласында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын Женевада 27 – 29 -  апрелде болгон расмий болбогон 5 + БУУ жыйынында сунуш кылган  тең укуктуу эгемендүү  эки мамлекеттин кызматташуусуна негизделген чечүүчү жол сунушун «текебердик» деп мүнөздөгөн Кипр рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадиске «күзгүгө карап жана текебердин ким экендигин көрүүгө» чакырганын жазган.  

«Сабах» гезити «VOLKAN-M кыймылдуу танка атуу машыгуулары ийгиликтүү өттү» деген маалыматында Аскердик электрондук өнөр жайы ASELSANдын VOLKAN-M  өрткө каршы башкаруу системасынын сынагы M60TM танктары менен болгонун маалымдаган. Президенттиктин коргоо өнөр жайы боюнча төрагасы Исамил Демир твиттерден берген билдирүүсүндө түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарындагы M60TM танктарынын бир тараптан модернизациясын, бир тараптан бардык компоненттеринин ата мекендештирилишине шарт түзүшкөндөрүн айтты.

«Ватан» гезити «Эң көп экспорт автомобиль өндүрүшүндө болду» деп жазып, автомобиль өндүрүшү апрель айында  2 миллиард 465 миллион 647 000 доллар менен эң көп экспорт ишке ашырылган сектор болгонун белгилеген. Апрель айында эң көп экспорт ишке ашырылган биринчи 3 өлкө 1 миллиард 654 миллион доллар менен Германия, 1 миллиард 182 миллион доллар менен АКШ жана 1 миллиард 33  миллион доллар менен Бириккен Королдук болду.

«Стар» гезити «Белгилүү куудулдан Эрдоганга кат» деген кабарында француз куудул Диудонне М'бала президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жөнөтүп, саясий башпаанек сураганын белгилеген. М'бала катта Израилдин Палестинанын жерин колониялаштыргандыгын айыптаган сценарийден кийин  20 жылдан бери каралоого, шантажга жана четке кагууга дуушар болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар