Түрк басма сөзү  03.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1632702
Түрк басма сөзү  03.05.2021

«Хабер түрк» гезити «Министр Акар жана командирлер чек арада» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы  Яшар Гүлер жана кургактык күчтөр командири, армиянын генералы Дүндар менен кечээ Ирактын түндүгүндөгү база аймактарда көзөмөлдөө жүргүзгөндүгүн кабарлаган. Министр Акар : « «Чеңгел  -  Чагылган» операциялары ийгиликтүү улантылууда. Бардык үңкүрлөрүнө кирдик. Террорду жок кылууда чечкиндүүбүз. Эртерээк тынчтыкты жана бейпилдикти алып келүүнү каалайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук коргоо министрлиги жарыялады : « «Атак» тик учары менен жок кылынды» деген маалыматында кечээ улуттук коргоо министрлигинин «Чеңгел  -  Чагылган» операциясы жүргүзүлгөн аймакта аныкталган жикчил террордук уюм ПККнын 2 террористин «Атак» тик учары менен жок кылгандыгын билдирди.  Министрлик операциянын негизинде жок кылынган террорист саны 46га жеткендигин жарыялады.  

«Йени шафак» гезити «Түрк аскердик кемеси «ТЖГ Газинатеп» Ливия жакындарында 123 качкынды өлүмдөн куткарды» деген макаласында Ливия жакындарында жардам сураган 123 качкын түрк куралдуу күчтөрүнө таандык «ТЖГ Газиантеп» жана Ливия жээк коопсуздук күчтөрүнүн жардамы менен куткарылгандыгын белгилеген.

«Сабах» гезити «Украиналык туристтердин Ковид  - 19  процессинде эс алуу адрестери Түркия болду» деп жазып, Муглада Ковид  - 19 эпидемиясына карата көрүлгөн чаралардын негизинде даярдыктарын көрүп, тейлөөнү баштаган туристтик жерлердин украиналык туристтерди тосуп ала баштагандыгына токтолгон. Муглага келген 350 кишилик украиналык турист эки жумадай эс алуусун Фетхийе жана Мармаристеги мейманканаларда өткөрөт.

«Стар» гезити «Лиссабондо улуттук каратэчилер 9 медалга жетишти» деген кабарында каратэ боюнча улуттук команданын Португалиянын борбор шаары Лиссабондо болгон жана 2020  Токио олимпиадалары үчүн квота упайларын берген Каратэ 1 Премьер Лигасынын Лиссабон этабын 3 алтын жана 6 коло медаль менен аяктагандыгын кабарлаган.

 

 



Тектеш кабарлар