Түрк басма сөзү  30.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1631294
Түрк басма сөзү  30.04.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Тышка болгон көз карандылык акырына чыгып жатат» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын акыркы 19 жылдан бери коргонуу өнөр жайын  бардык тармакта жогорку технологияга, изилдөө жана өнүктүрүүгө негизделген жергиликтүү өндүрүш менен өнүктүрүү үчүн аракет кылышкандарын, бөлүнгөн булактардын  жообун алышкандарын айтканын жазган. Эрдоган : «Эми учак  бомбаларыбыздын, ок  - дарыларыбыздын, ракеталарыбыздын жана аскердик  дүрмөттөрүбүздүн жарылуучу заттары боюнча эч кимге көз каранды болбойбуз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрсин Татар : Эгемендүүлүгүбүздү талкууга ачпайбыз» деген макаласында Швейцариянын  Женева шаарында БУУнун жол башчылыгындагы кипрдык тараптар жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция менен Британиянын да катышуусу менен 5 + 1 форматындагы расмий болбогон Кипр конференциясынын аяктагандыгын белгилеген. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн талкууга ачпай тургандарын, баарынын муну кабыл алышы керектигин айтты. Татар : «Өз укугубузду талашууну улантабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Стамбул аэропорту жылдын биринчи төрт айында Европа лидери» деген маалыматында Европа Аэроновигациялык Коопсуздук Уюмунун маалыматтарына караганда 1 -  январдан 28 -  апрелге чейинки мезгилде Стамбул аэропорту 63 064 каттам менен Европанын эң көп каттамды ишке ашырган аэропорту болгонун маалымдаган. Стамбул аэропортунун оператору İGAнын соцтармактан берилген маалыматында «Дүйнөнүн авиация борбору катары баштаган бул  жолдо 2021 -  жылдын биринчи 4 айында Европада лидербиз»,- деп билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Германиянын эс алуу резервацияларында Анталия биринчи орунда» деген кабарында Анталия соода жана өнөр жай кабинетинин төрагасы Давут Четиндин Европада Ковид  -  19га каршы вакциналоо санынын көбөйүп бара жаткандыгын ошондуктан жай айларында аба жолунда өсүүнүн болушу күтүлүп жаткандыгын белгилегенин билдирген. Четин немистердин эс алуу резервацияларында  Анталиянын биринчи орунда экендигин, июнь айы үчүн үмүттү экендерин айтты.

«Стар» гезити «Түрк демилгечилер чыгарды. Үйдө да көздү текшерүүгө болот» деп жазып, Анкарадагы жаш ишкерлер тобунун виртуалдык чындык көз айнектери менен көздү текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген технологияны иштеп чыгышкандарын белгилеген. Түрк демилгечилери көздү текшерүүчү аппараттардын өзгөчөлүктөрүн программалык камсыздоого айландырып, санариптик платформага өткөрүштү. Салмагы 500 граммды түзгөн, алып жүрүүгө боло турган жана арзан баадагы   көз айнек,  салттуу жана кымбат баалуу аппараттар колдонулган текшерүүнүн  виртуалдык чындык аркылуу жүргүзүлүшүнө мүмкүнчүлүк түздү.



Тектеш кабарлар