Түрк басма сөзү  28.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1629718
Түрк басма сөзү  28.04.2021

«Хүррийет» гезити «Түркия Улуттук Парламенти АКШнын президенти Байденге «геноцид» тууралуу каршылык көрсөттү» деген кабарында кечээ  Түркия Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларды «геноцид» катары мүнөздөшүнүн айыпталышы жана четке кагылышына байланыштуу билдирүү кабыл алынгандыгын жазган.

«АКШнын президенти Жо Байдендин 2021 -  жыл  24 -  апрелдеги билдирүүсү менен 1915 -  жылдагы окуяларга байланыштуу армян лоббилеринин дооматтарын камтыган диссертацияларга ээ чыгышын, Түркия Улуттук Парламенти катары тарыхтын саясий себептер менен бурмаланышынан башка мааниси болбогон бул негизсиз жалааларды күчтүү түрдө айыптайбыз»,- деп билдирилди.

«Сабах» гезити «Өмер Челик Байдендин билдирүүсүнө каршы чыкты» деген маалыматында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин кечээ Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинин жыйынынан кийин АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуялар үчүн «геноцид» деген сөздү колдонуусуна карышылк көрсөткөнүн белгилеген. Челик : «Укуктук негизи болбогон абал менен бетме  - бет келип турабыз. Толугу менен жаңылыш жана четке кагыла турган сөз»,- деди.

«Ватан» гезити «Министр Эрсой: Туризмде вакциналоо май айынын акырында акырына чыгат» деген макаласында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Украинанын маданият жана информация саясаты министри Александр Ткаченконун кечээ Анталияда жолугушкандыгын маалымдаган. Министр Эрсой туризм боюнча иштеген кишилердин баарынын май айынын акырына чейин эмдөөдөн өтөрүн айтты. Эрсой Коопсуз туризм сертификаттуу ишкана санынын 10 000ден ашкандыгын билдирди.

«Стар» гезити «Толугу менен жергиликтүү жана ата мекендик... Түркия боордош өлкөнүн армиясына белек кылды» деген кабарында түрк коргоо өнөр жайынын жергиликтүү жана ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен чыгарган танк ташуучунун Түндүк Македония армиясына тапшырылгандыгын билдирген. Түндүк Македонияны Балкандарда Түркия үчүн негизги өнөктөш катары көрүшкөндөрүн баса белгилеген Түркиянын Скопия элчиси Хасан Мехмет Секизкөк : «Көп тараптуу карым  - катнаштарыбызды бардык тармактарда биргелешкен аракеттерибиз менен алдыга жылдырууну максат кылдык»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Суу продукциялары эң көп Нидерландияга  экспорттолду» деп жазып, Түркияда суу продукциялары экспорту өткөн жылы биринчи жолу 1 миллиард доллардан ашканын маалымдаган. Өткөн жылы эң көп экспорт 133  миллион 78 000 доллар менен Нидерландияга жасалып, эң көп импорт 48  миллион 334  000 доллар менен Норвегиядан ишке ашырылды.



Тектеш кабарлар