Түрк басма сөзү  27.04. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1629067
Түрк басма сөзү  27.04. 2021

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган АКШнын президенти Байденге жооп берди» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээки кабинет жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларды «геноцид» деп  айткандыгына байланыштуу : «Негизсиз, адилетсиз»,- дегенин жазган. Президент Эрдоган : «Түрккө,  түрк улутуна «геноцид» этикеткасын чаптай албайсыңар»,- деди.  

«Сабах» гезити «Фахреттин Алтун Байдендин геноцид жалаасына каршылык көрсөттү : «Бактысыз бул билдирүүнү четке кагабыз» деген маалыматында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларды «геноцид» деп айтканына каршылык көрсөткөнүн жазган. Алтун кечээ берген маалыматында Байдендин билдирүүсүнүн өкүмүнүн жок экендигин белгилеп : «АКШнын президенти Жо Байдендин геноцид  жалганын четке кагабыз. Бактысыз бир билдирүү катары карайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Сойлу билдирди : «Колдо жасалган жарылуучу зат колго түшүрүлдү» деген макаласында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун кечээ соцтармактан берген маалыматында  26 -  январда 2 550 аскердик кызматкердин катышуусу менен баштатылган «Эрен  -  5 Багок» операциясынын негизинде Мардиндин Нусайбин районунун Корукөй элетинде 50 килограммдык жарылуучу зат жана жарылууга даяр колдо жасалган жарылуучу заттарды колго түшүрүшкөндөрүн белгилегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Спутник В вакцинасы үчүн келишим түзүлдү. Түркияда чыгарыла баштайт» деген кабарында Россия түздөн түз инвестиция фонду жана түрк вискоран фармацевтика фирмасы Спутник В вакцинасын Түркияда чыгаруу үчүн келишим түзүлгөндүгүн маалымдаган. Өндүрүштүн алдыдагы айларда бир канча комплексте башталышы күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Министр Варанк : Өндүрүш өнөр жайынын кубаттуулугун пайдалануу деңгээли жогорулады» деп жазып, өнөр жай жана технология министри Мусатфа Варанктын кечээ твиттерден берген маалыматында Түркиянын өндүрүш өнөр жайыа кубаттуулугун пайдалануу катнашынын апрель айында андан мурунку бир жылга караганда 0,6 пайызга өсүп 76, 2 пайыздык деңээлде ишке ашкандыгын билдиргенине токтолгон.



Тектеш кабарлар