Түрк басма сөзү 22.04.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1626095
Түрк басма сөзү 22.04.2021

«Сабах» гезити «Президент Эрдогандын Грециянын министри Дендиаска чектөөлөрүн жарыялаганы үчүн министр Чавушоглуна ыраазычылык билдирүүсү» аттуу маалыматында президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Таййип Эрдогандын кечээ, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, өткөн жумада борбор шаар Анкарага болгон сапарында Грециянын тышкы иштер министри кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен биргелешип өткөргөн пресс-конференцияга басым жасаганын жазган. Эрдоган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна Грециянын министри Никос Дендиаска сабак сыяктуу билдирүүлөрдү айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Соода министри Муш: «Биздин бирден-бир максатыбыз - 84 миллион адамдын жыргалчылыгын жогорулатуу»» аттуу кабарында соода министри Мехмет Муштун, «Түркиянын экспорту жогорулады жана экономикалык көлөм, биз гүлдөп-өнүгүүнүн деңгээлин көтөрүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга аракет кылабыз. Биздин бир гана максатыбыз, 84 миллион калктын жыргалчылыгын жогорулатуу»,дегенин берген.

«Хүррийет» гезити «Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде кулпунай экспортунун рекорддук 333 пайызга өсүшү» деген кабарында жаңы, тоңдурулган же кургатылган абалда 29 өлкөгө экспорттолгон Түркиянын жалпы кулпунай экспортунун 2021-жылдын биринчи чейрегинде 333 пайыздык өсүү көрсөткөнүн маалымдаган. Түркиянын жалпысынан биринчи 3 айда кулпунай экспорту 993 миң доллардан 4 миллион 307 миң долларга көтөрүлдү.

«Стар» гезити  «The Independent:Стамбул Европанын таажысын алат» деген маалыматында Улуу Британияда чыккан The Independent гезитинин саякатчысы Саймон Калдердин «Авиациялык аналитик Хитроу Стамбулга Европанын таажысын алдырат» аттуу макаласын жазганын баяндаган. IGA тарабынан жасалган билдирүүдө Калдердин макаласында: «Эл аралык трансфер борборлору Ковид-19 пандемиясынан кийин калыбына келгенге чейин Стамбулдун мега аэропорту өзүн Европадагы эң кыймылдуу аэропорт катары кабыл алдырат окшойт» деген сөздөр камтылганын жазган.

«Йени шафак» гезити «YouTube Kids Түркияда активдүү иштей баштады» деген маалыматында YouTube ар кайсы өлкөлөрдө активдүү иштеген YouTube Kids колдонмосун Түркияда да активдүү иштете баштаганын маалымдаган. Толугу менен балдарга мүнөздүү камтылгандар чыпкаланган кызматта, ошондой эле жаш курагына жараша ар кандай чыпкалар колдонулушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар