Түрк басма сөзү  20.04. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1624612
Түрк басма сөзү  20.04. 2021

«Хабер түрк» гезити «АК партиянын катчысы Өмер Челиктен маанилүү кабар» деген макаласында  Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин Грециянын качкындарга карата мамилесин сынга алып : «Грециянын жээк коопсуздук күчтөрү бензин төгүп, өрттөп, кыргын кылганга аракет кылышты. Серб касаптарынын кылганындай, Руанда да болгондой. Ал жерде каармандарыбыз болбосо бул адамдардын баарына Жер Ортолук деңизи мазар болмок. Силер оболу демократияңарды Жер Ортолук деңизинен куткаргыла, андан кийин сүйлөгүлө»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү үчүн чыгарылды, дүйнө суктанды! Толук баа алды» деген кабарында түрк куралдуу күчтөрү үчүн чыгарылган жана 15 минутада курула турган баллистикалык коргоого алынган командалык-контролдук контейнер базасы НАТО машыгуусунда жактырылып толук баа алгандыгын кабарлаган. База, жогорку  деңгээлде коргоо, чалгындоо инфраструктурасы жана кыймылдуулугу менен коопсуздук күчтөрүнө кызмат кылууда.

«Сабах» гезити «Жаңыланууга боло турган энергия катнашы 100 пайыз мажбурлап жатат» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин орнотулган кубаттуулуктагы жаңылануучу энергиянын ченеми 100 пайыз мажбурлап жаткандыгын белгилеп : «Биринчи үч айда ишке кирген орнотулган кубаттуулук күчүбүздүн  97, 9  пайызы жаңыланууга боло турган энергия булактарынан турат»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Орус туристтер Түркияда эс алууда чечкиндүү» деген кабарында Россиянын тур операторлору биридигинин төрагасы Мая Ломидзе Россиядан учак каттамдарынын токтолушу менен апрель жана май айларында Түркияда эс ала албай турган орус туристтердин көпчүлүгүнүн эс алуу жерлерин өзгөртпөгөндүгүн, Түркияга келүү үчүн башка күндөрдү күтүп жатышкандарын билдиргенин маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Түркия футбол федерациясы : Европа супер лига демилгеси эч качан кабыл алынбайт» деп жазып, Түркия футбол федерациясынын айрым Европа клубдары тарабынан түзүлгөндүгү жарыяланган Европа супер лигасы долбоору тууралуу абалды тынсыздануу менен иликтешкендерин белгилеп : «Дүйнөлүк футболдун келечегин толугу менен коркунучка түртө турган бул маанисиз кыймыл кабыл алынгыс»,- деп билдиргенине токтолгон.



Тектеш кабарлар