Түрк басма сөзү 14.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1620896
Түрк басма сөзү 14.04.2021

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган : эки жума жарым – жартылай коменданттык саат ишке ашырылат» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын коронавирус эпидемиясына карата көрүлгөн жаңы чаралар тууралуу маалымат бергенин жазган. Эрдоган 15 күндүк жарым – жартылай коменданттык саат процессине кирилерин, жуманын акырындагы коменданттык сааттын улантыларын, жуманын ичинде кечки саат 19дан эрте менен 5ке чейин коменданттык сааттын ишке ашырыларын, мажбур болбомюнча шаарлар аралык саякаттарга да тыюу салынгандыгын билдирди. Эрдоган көрүлгөн чаралар ишке жарабаса майрамда дагы күчтүү чаралардын көрүлөрүн айтты.

«Хүррийет» гезити «Афганистан тынчтык процесси тууралуу жыйын Стамбулда болот» деген макаласында Түркиянын жетекчилигинде өтө турган Афганистан тынчтык процесси тууралуу жыйындын Стамбулда 24 -апрель жана 4 -майда өткөрүлөрүн маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда конференцияныннегизги максатыадилеттүү жана туруктуу бир саясий чечүүчү жолдун табылышына карата Дохада болгон афгандар аралык сүйлөшүүлөрдү ылдамдатуу жана толуктоочу функцияны аткаруу.

«Стар» гезити «Түркия шамал инвестициясында Европада биринчи беште орун алды» деген маалыматында Түркиянын 1 миллиард евродон ашкан кургактык шамал энергиясы инвестициялары менен 2020 -жылы Европада эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи беште орун алганын белгилеген.

«Ватан» гезити «НАСАнын конкурсунда Ван көлү жеңип чыкты» деп жазып АКШнын Авиация жана космостук агенттиги уюштурган «Дүйнө турнири» аттуу онлайн режимде өткөн фотография конкурсунда Ван көлүнүн космостон тартып алынган фотографиясынын биринчи орунду алганына токтолгон. Космонавт Кейт Рубинс 2016 -жылы тартып алган фотография үчүн : «Дүйнөнүн эң ири сода көлдөрүнүн бирөөсүнүн бир бөлүгүн көрсөтүүдө»,- деп билдирилди.

«Сабах» гезити «Россиялык эс алуучулар Түркияга карата каттамдардагы чектөөлөргө каршылык көрсөттү» деген кабарында орус эс алуучулар эс алуу үчүн эң көп тандаган Түркияга карата каттамдардын чектелишине нааразычылык билдиришкендерин белгилеген. Соцтармактардан каршы чыккан эс алуучулар чечимдин кайра алынышы үчүн кол топтой башташты.



Тектеш кабарлар