Түрк басма сөзү 7.04. 2021
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Стар» гезити «Европа Биримдиги менен сүйлөшкөндөн кийин Ибрахим Калын маанилүү маалымат берди» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын президент Р. Т. Эрдогандын Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель менен өткөргөн сүйлөшүүсүнүн жалпысынан оң өткөндүгүн билдиргенин маалымдаган. Калын президенттин Европа Биримдиги менен карым – катнаштардын келечеги тууралуу Түркиянын перспективасын ортого салып, Түркиянын Европа Биримдиги процессинин акыркы максатынын толук мүчөлүк экендигин айтканын белгиледи.
«Йени шафак» гезити «Комплексте Европа Биримдиги саммити» деген макаласында Европа Биримдиги Кеңшинин төрагасы Чарльз Мишель президент Эрдоган менен жолугушкандан кийин : Европа Биримдиги Түркия менен экономикалык кызматташуу, миграция жана элдер арасындагы байланышты арттыруу үчүн так күн тартипти сунуштаганга даяр»,- деп билдирсе, Лайен : «Бажы Биримдигинин ишке ашышына байланыштуу азыркы кыйынчылыктарды карап чыгып жаңылоо үчүн аракет кылабыз»,- дегенин маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Bloombergден мактоо» деген маалыматында борбору АКШ болгон Bloomberg экономика гезити өзгөчө Азербайжан тарабынан Тоолуу Карабахта жетишилген ийгиликтин артында Түркиянын куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын бар экендигин белгилеп : «Байрактар фирмасынын ТБ 2 куралдуу учкучсуз аба аппараттары Ливия жана Азербайжандагы кагылышуулардын тагдырын өзгөрттү» дегенине орун берген.
«Ватан» гезити «'turkishsouq.com' аркылуу бүткүл дүйнө соода кыла алат» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун 'turkishsouq.com' платформасы аркылуу Британиядан Италияга, Швециядан Португалияга, Россиядан Австралияга, Канададан Бразилияга чейин 47өлкөгө продукция экспорттоло турган абалга келгендигин белгилеп : «300 000ге жакын продукциябыздын дүйнө базарына чыгышына мүмкүнчүлүк түзүлдү»,- дегенин белгилеген.
«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту 17 000 каттам менен Европанын лидери» деген маалыматында
Европа Аэроновигациялык Коопсуздук Уюму жарыялаган 1 – 31 – март күндөрүндөгү отчетко караганда Стамбул аэропорту 17 407 каттам менен Европанын лидерди болгонун жазган.