Түрк басма сөзү  06.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1615571
Түрк басма сөзү  06.04.2021

«Хабер түрк»  гезити «Эрдогандан Монтре тууралуу билдирүү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын 1936 -  жылдагы Монтре кысыктар келишиминин Түркияга алып келген кирешелерине маани беришкендерин, мындан дагы жакшысы үчүн мүмкүнчүлүк тапканга чейин  бул келишимге  баш ийүүнү улантышарын айтканын кабарлаган. Эрдоган келечекте  муктаждык боло турган болсо өлкөнү дагы мыктысына жеткирүү үчүн  ар бир келишимди карап чыгышарын айтты.

«Стар» гезити «Эрдоган эки лидер менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында президент Эрдогандын Косованын президенти болуп шайланган Виоса Османи  -  Садри менен телефон аркылуу сүйлөшүп куттуктагандыгын белгилеген. Түрк коомунун жаңы өкмөттүн курулушу жана президенттик шайлоо процесстериндеги мамилесине көңүлдөрдү бурган Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый достук жана боордоштук карым  - катнаштарынын жаңы мезгилде да бекемделерине ишенгендигин баса белгиледи. Эрдоган Катардын эмири Ал Сани менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу жана аймактык маселелерди карап чыгышты.

«Йени шафак» гезити «Түркия Россия менен космостук келишим түзүшү мүмкүн» деген макаласында Түркия космостук агенттигинин төрагасы Хүсейин Йылдырымдын Россия менен космостук тармакта кызматташуу келишимине жакында кол коюлушу мүмкүн экенин айтканын маалымдаган. Йылдырым : «Улуттук максаттарыбыздын негизинде белгилеген өлкөлөр менен жана эл аралык мекемелер менен карым  - катнаштарды түзүүдөбүз. Россия жана дагы бир топ өлкө менен кызматташуу тууралуу иштерди жүргүзүүдөбүз. Жакынкы учубакта келишимдерге кол коюну пландап жатабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия менен Азербайжандын ортосунда жаңы кызматташуу» деген кабарында Түркия менен Азербайжандын ортосунда жаңы келишимдин башталышында күбөлүк менен саякатты баштоо келишими турмушка ашырылып жаткандыгын белгилеген. Кол коюлган келишим менен саламаттык сактоо жана биргелешкен туризм платформасы түзүлөт. Бул келишим  эки өлкөнүн ортосундагы сапарлардын санын олуттуу түрдө арттырат.

«Сабах» гезити «Куралдуу учкучсуз аба аппараттарынан кийин  азыркы максат учкучсуз  аскердик учак» деген маалыматында Түркиянын чек арасынын тышында жүргүзгөн операцияларында чоң роль ойногон, акыркы жолу Азербайжандын Тоолуу Карабах  жеңишинде Армения армиясына оор сокку урган түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарын чыгарган Селчук Байрактардан жаңы проект тууралуу билдирүү келгендигин маалымдаган. Байрактар учкучсуз аскердик учактарды өндүрүү үчүн да иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар