Түрк басма сөзү  05.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматар.

1614729
Түрк басма сөзү  05.04.2021

«Йени шафак» гезити  «Кол салууга даярданып жаткан террористтер жок кылынды» деген кабарында Түркия  жүргүзгөн чек ара тышындагы  операциялар менен террордон тазаланган аймактарда коопсуздук күчтөрү кызматын аткарууну улантып жаткандыгын жазган.  Аймакка кирүүгө аракет кылган же кол салуу үчүн даярданып жаткандыгы аныкталган террористтер түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынды.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү коронавирус дарысында кубанычтуу кабар» деген макаласында Анкара университетинде Ковид – 19га каршы иштелип жаткан дарынын жылдын акырында өндүрүлүп жүз миңдеген дозанын пайдаланууга берилерин белгилеген.

 

«Хүррийет» гезити «Министр Курум : Канал Стамбулду  курабыз» деген маалыматында экология жана шаар пландоо министри Мурат Курумдун Кара деңизди Эгей деңизи менен байланыштыра турган Канал Стамбулду курушарын, буга ар дайымкыдан дагы көп ишенишкендерин айтканын маалымдаган. Президент Р. Т. Эрдогандын Канал Стамбул долбоору үчүн «Эч нерсеге карабастан курабыз» деген сөзүн эске салган Курум өлкөнүн жана элдин пайдасы үчүн болорун белгилеген долбоорду  бир чыгармага айландырышарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Түркия логистикалык борбор болот» деген кабарында  тарнспорт жана инфраструктура  министри Адил Караисмаилоглунун Канал Стамбулдун Стамбулду дүйнө соодасынын борбору кыларын белгилеп, тендер даярдыктары улантылып жаткан долбоорду жакынкы мезгилде башташарын айтканын жазган. Караисмаилоглу : «Түркия өнүккөн дүйнөнүн эң негизги соода коридорунда өз бийлигин курган өлкө катары Канал Стамбул, Стамбул аэропорту, автожолдору, соода порттору, темир жолу байланыштары жана логистикалык базарлары менен бирдикте дүйнөнүн маанилүү логистикалык борбору болот»,- деди.

«Стар» гезити : «Европа Биримдиги  Түркиядагы позитивдүү күн тартибине токтолду» деген макаласында Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лайен жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишелдин 6-апрелде Түркияга келерине токтолгон. Европа Биримдиги төрагаларынын  позитивдүү күн тартибине салым кошорун белгилеген эксперттер Ливия, Сирия жана Түштүк Кавказиядагы кризистин чечилишинде  Европа Биримдигинин Түркияга  муктаж экендигин  белгилеп, Европа Биримдигинин Түркиянын жанында болушу үчүн аракет кылып жаткандыгын билдиришти.

 

 



Тектеш кабарлар