Түрк басма сөзү  02.04. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1613400
Түрк басма сөзү  02.04. 2021

«Стар» гезити «Түркия мунун күчтүү каарманы» деген кабарында ДСУнун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейесустун Түркияны мактагандыгын жана Түркиянын 2021 -  жылдын эл аралык медицина кызматкерлеринин жылы болушунун күчтүү бир каарманы экендигин айтканын кабарлаган.  Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа да чакырылган жыйында Гебрейсус Түркияда эпидемиянын бул кыйын мезгилинде медицина кызматкерлеринин эмдөө алганына кубангандыгын да белгиледи. Түркиянын киргизген сунушу боюнча ДСУ 2021 -  жылды «Медицина кызматкерлеринин жылы» деп жарыялаган.

«Хүррийет» гезити «Эки өлкөнүн ортосунда жаңы мезгил» деген маалыматында Түркия менен Азербайжандын ортосунда күбөлүк менен саякаттоо протоколу кечээ күчүнө киргендигин белгилеген. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да : «Жан Азербайжан менен саякаттар бир гана күбөлүк менен мүмкүн болот. Жарандарыбыз жана азербайжандык боордошторубуз үчүн пайдалуу болсун»,- деп билдирди.

«Йени шафак» гезити «Мартта бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспорт санына жетишилди» деген макаласында соода министри Рухсар Пекжандын : «Мартта экспорт 2020 -  жылдын ушул эле айына караганда 42, 2 пайызга өсүп, 18 миллиард 985 миллион долларга жетти. Бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспорт саны»,- дегенин белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «TOGGго дүйнөгө белгилүү дизайнер кошулду» деген кабарында Түркиянын автомобиль демилге группасынын Volkswagen жана Mercedesтин  мурунку башкы дизайнери Мурат Гөкандын башкы дизайнер лидери катары топко кошулгандыгын жазган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору күнүмдүк орточо 755 каттам менен Европада лидерлигин улантууда» деген макаласында Европа Аэроновигациялык Коопсуздук Уюмунун 31 -  марттагы каттамдар боюнча отчетуна караганда түрк аба жолдору күнүмдүк орточо 755 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырганын жазган. 



Тектеш кабарлар