Түрк басма сөзү  26.08. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1608964
Түрк басма сөзү  26.08. 2021

«Йени шафак» гезити «Ройтерстен көңүлдөрдү бурган Эрдоган  -  Байден анализи» деген кабарында англис маалымат агенттиги Ройтерсте президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден тууралуу кенен анализ жарыялангандыгын жазган. Макалада Эрдогандын «Оболу Түркия» деген кыймылда экендиги жана АКШ же Россиянын эрежелерди ортого салгандыгы жана Түркия бедел төлөгөн сценарийлерди четке каккандыгы белгиленип : «Бул абал Байденди кыйнайт»,- деп билдирилди. Анализде Анкаранын  региондогу кыймылы үчүн : «Түркия ал мурунку Түркия эмес»,- деген билдирүүсү да берилди.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигинин лидердер саммитинен Түркия тууралуу кызматташуу кабары» деген макаласында Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин билдирүүсүндө Европа Биримдигинин Түркия менен кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр экендиги билдирилгендигин маалымдаган. Түркия менен эки тараптуу тармактарда жогорку деңгээлдеги диалогду баштоого даяр болгондугу белгиленди.

«Стар»  гезити «ИМФ менен Түркия база болот» деген маалыматында өнүккөн 8 өлкөнүн Экономикалык Кызматташуу Уюмунун башкы катчысы, элчи Дато Ку Жаафар Ку Шаари «Стамбул финансы борбору (ИМФ)  Түркияны кайрадан жандандырат жана дүйнөлүк масштабда финансылык операциялар үчүн база болот. Дүйнөнүн түрдүү өлкө жана аймактарында кызыгууларды тартарын ойлоп жатам, Түркия бул проект менен бир топ эл аралык банктын инвестицияларын да тартат»,- дегенин белгилеген.

«Ватан» гезити «Эмине Эрдоган БУУнун Глобалдык максаттар кыймылынын сыйлыгына ылайык көрүлдү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын «Таштандысыз жашоо долбоору» жана экологияга байланыштуу башка эмгектерге салым кошуусу менен БУУнун Өнүгүү Программасынын Түркия кеңсеси тарабынан бул жылкы берилген «Глобалдык максаттарда кыймыл сыйлыгына» ылайык көрүлгөнүн маалымдаган.

«Сабах» гезити «Украинадан Кападокияга алгачкы каттам ишке ашты» деген маалыматында Украина  -  Киев аба жолдору  -  Кападокия аэропортунун ортосунда жумасына 2 күн боло турган чартердик  каттамдардын алгачкысы ишке ашкандыгын жазган. 180 кишилик алгачкы туристтик группа жетекчилер тарабынан гүлдөр менен тосуп алынды.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар