Түрк басма сөзү  23.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1606563
Түрк басма сөзү  23.03.2021

  «Ватан» гезити «Министр Чавушоглу БУУнун башкы катчысынын Кипр атайын өкүлү менен жолугушту» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин Кипр үчүн милдеттендирген атайын кеңешчиси Жейн Нолл Люте менен кечээ борбор шаар Анкарада жолугушкандыгын жазган. Чавушоглу Люте менен Кипр тууралуу апрель айынын акырында Швейцариянын  Женева шаарында боло турган 5 + 1  форматындагы расмий болбогон жыйынынын даярдыктарын карап чыгышкандарын белгиледи.

«Йени шафак» гезити « Испаниянын тышкы иштер министри Лая : Европа Биримдиги Түркия менен позитивдүү карым – катнашка ээ болушу керек» деген макаласында Испаниянын тышкы иштер министри Гонзалес  Лаянын кечээ Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурдагы баа берүүсүндө Европа Биримдигинин Түркия менен позитивдүү карым  - катнашка ээ болушу керектигин айтканын жазган.

«Стар» гезити «Жумушсуздук сандары билдирилди» деген маалыматында Түркияда жумушсуздук катнашы коронавирус эпидемиясынын таасирине карабастан  2020 -  жылы андан мурдагы бир жылга салыштырганда 0, 5 баллга азаюу менен 13, 2 пайыз болгонун билдирген.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору Европада биринчи орунда турат» деген кабарында Европа Аэроновигациялык Коопсуздук Уюмунун 15 – 21 -  март күндөрүндөгү маалыматтарына караганда түрк аба жолдору күнүмдүк 670 каттам менен биринчилик орундугун сактаганын маалымдаган. Түрк аба жолдорунан кийин француз  аба жолдору Air France келди.

«Сабах» гезити «Түркия  -  Нидерландия оюнун Майкл Оливер башкарат» деген маалыматында 2022  ФИФА дүйнөлүк кубогунун тандоо оюндарынын башталып жаткандыгын жазган.  А улуттук футболдук командасынын 2022  ФИФА дүйнөлүк кубогунун тандоолору G группасында  Нидерландия менен эртең ойной турган беттешүүнү британиялык судья Майкл Оливер башкарат.



Тектеш кабарлар