Түрк басма сөзү  22.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1605768
Түрк басма сөзү  22.03.2021

«Ватан» гезити «Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Кавжыоглунун билдириүүсү» деген кабарында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Шахап Кавжыоглунун : «Түркия Республикасынын Борбордук банкы  мыйзамдын чегинде белгиленген милдеттер жана жоопкерчиликтердин негизинде инфляцияда туруктуу төмөндөө тенденциясына жетүү боюнча максаттын негизинде акча саясатынын каражаттарын колдонууну улантат»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Салда көлү үчүн аракетке өтүлдү» деген макаласында экология жана шаар пландоо министрлигинин Табигый байлыктарды коргоо боюнча директорлугунун  «Түркиянын Мальдивлери» деп билинген Бурдурдагы Салда көлүнүн  ЮНЕСКОнун  табигый мурастар тизмесине алынышы үчүн аракетке өткөнүн белгилеген.

«Сабах» гезити «Өлкө тышы каттамдарынын саны көбөйө баштады» деген маалыматында бүткүл дүйнөнү таасири астына алган Ковид  - 19  эпидемиясынан эң көп таасирленген тармактардын бири да авиациянын болгондугун маалымдаган. Эпидемиядан улам акыркы бир жылда чоң катнашта азайган тышкы каттамдар Стамбул Сабиха Гөкчен аэропртунда кайрадан калыбына келе баштады.

«Йени шафак» гезити «Түркистандан алгачкы өлкө тышына каттам Түркияга жасалды» деген  кабарында Казакстандын Түркистан эл аралык аэропортунан Стамбул каттамы боюнча биринчи эл аралык каттам 176 жүргүнчү менен Fly Arystan Airline авиакомпаниясынын "А-320" моделиндеги учагы менен аткарылгандыгын жазган. Бул багыттагы каттамдардын саны биринчи этапта жумасына 2, кийинки мезгилдерде жумасына 7 жолу болору пландалууда.

«Хабер түрк» гезити «Биринчи 2 айда 27 өлкөгө бал экспорттолду» деген маалыматында Түркиядан жылдын эки айлык мезгилинде 27 өлкөгө 4 миллион 143  579 долларлык бал экспорттолгондугун билдирген. Эң көп бал экспорттолгон өлкөлөрдөн Германияга 1 миллион 304 114, АКШга 1 миллион 148 989, Кувейтке 215 537  долларлык бал жиберилди.

 



Тектеш кабарлар