Түрк басма сөзү 9. 03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1597620
Түрк басма сөзү 9. 03.2021

 "Сабах" гезити  "Эрдоган : Акыркы мезгилде өлкөбүзгө кирген чет элдик капитал көбөйүп баратат" деген макаласында  президент Р. Т. Эрдогандын 11 -  Босфор  саммитине жиберген видео билдирүүсүндө өсүү боюнча Түркиянын Кытайдан кийинки экинчи орунда тургандыгын белгилеп : "Акыркы мезгилде өлкөбүзгө кирген чет элдик капитал көбөйүп баратат",- дегенин жазган. 

"Йени шафак" гезити  "Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон ПККны айыптады" деген кабарында Британиянын премьер  - министри Борис Жонсондун президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында шейит болгон 13 түрк жараны үчүн көңүл айтып, кыргындан улам ПККны айыптагандыгын белгилеген. 

"Хабер түрк" гезити  "Oppoнун  Тузладагы заводу 1000 кишини жумуш менен камсыз кылат" деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кытайлык акылдуу телефон фирмасы Oppoнун Стамбулда Тузлада курулушу улантылып жаткан заводунда өндүрүштүн башталгандыгын айткандыгын жарыялаган. Министр Варанк завод  толугу менен өндүрүшкө өткөндө 1000 кишинин жумуш менен камсыздалышы күтүлүп жаткандыгын белгиледи. 

"Стар" гезити "Бир гана Түркияда өсөт" деген кабарында Артвин облусунун Хопа районунда бир гана Түркияда өскөн ультра эндемикалык бир козу карындын түрү табылгандыгын маалымдаган. Ыспарта колдонмо илимдер университетинин Атабей кесиптик  окуу жайынын мугалими Огузхан Кайгусуз тапкан козу карын бир гана Түркияда өскөндүктөн "Pluteus Anatolicus" деген ат менен тастыкталды. 

"Хүррийет" гезити "Орус туристтер Кековада эс алышты" деп жарыялаган макаласында Анталиянын Демре районунда абанын ысышы менен россиялык туристтердин келгендигин белгилеген. Кооздугу менен суктандырган Демреге келген россиялык туристтер Жер Ортолук деңиздин көгүлтүр сууларында яхта туруна чыгып, деңизге түшүштү. Россиялык туристтер Демре жана Кекова аймагынын бейиш экендигин белгилеп, эс алуу үчүн дагы бул районго келишерин айтышты. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар