Түрк басма сөзү 8. 03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1596894
Түрк басма сөзү 8. 03.2021

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган : Адамзаттык кылмыш катары көрөмүн» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын 8 -  Март аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо жарыялагандыгын жазган. Эрдоган «Сүйүүсү, эмгеги менен адамзаттын үмүтү болгон бардык аялдарыбыздын 8 -  Март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаймын. Аялга карата бардык физикалык жана психикалык  зомбулукту, бөлүүчүлүктү дагы бир жолу адамзаттык кылмыш катары айыптаймын»,- деди.

«Стар» гезити «Чавушоглу : Өзбекстанда алгачкы элчиликти ачкан биз болдук» деген макаласында тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглунун  Түркиянын Самаркант  башкы консулдугунун ачылышын аткаргандыгын маалымдаган. Башкы консулдуктун Түркиянын ата мекени болгон Өзбекстан менен бир туугандыктын жаңы бир символу болорун белгилеген Чавушоглу : «Өзбекстанды тааныган биринчи өлкө Түркия республикасы болду жана алгачкы элчиликти ачкан да биз болдук»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Байден башкаруусу Талибан жана афган жетекчилердин ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн Түркиядан жардам сурайт» деген маалыматында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Афганистандын президенти  Эшреф Ганиге жиберген катта Түркиядан афган өкмөтү жана Талибандын ортосундагы жогорку мартабалуу жетекчилер катыша турган жыйынга үй ээлик кылышын талап кылышарын айтканын белгилеген.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору жана Стамбул аэропорту дүйнөдөгү лидерлигин улантууда» деген кабарында Европа Аэроновигация Коопсуздук Уюмунун отчетуна караганда 1 -  февралдан  6 -  мартка чейин учуу каттамында түрк аба жолдору күнүмдүк орточо 581 каттам менен атаандаштарын артта калтырып, Стамбул аэропорту да дүйнөдөгү жүргүнүч эң көп болгон аэропорт болгонун жазган.

«Сабах» гезити «Ай саякаты  үчүн кайрылгандардын арасында Түркия төртүнчү орунда» деген макаласында

SpaceX спутниги менен айга 8 кишини алып барарын билдирген япон миллиардер Юсаку Маезава 239  өлкө жана аймактан 500 000ден ашуун кайрылуунун болгондугун билдиргенин билдирген. Кайрылуулар эң көп келген өлкөлөргө да орун берген Маезаванын билдирүүсүнө караганда Түркия төртүнчү орунда. Тизменин эң башында Индия орун алган жана андан кийин АКШ менен Иран келүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар