Түрк басма сөзү 04.03.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1594771
Түрк басма сөзү 04.03.2021

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу: Биз Египет менен деңиз юрисдикциясы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги юрисдикцияларга байланыштуу карым-катнаштарга ылайык Египет менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлө аларын айтканын баяндаган. Министр Чавушоглу: «Келечекте ортобузда келишим түзө алабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Фуат Октай: Ушул жумада Түндүк Күндүк Кипр Түрк Республикасына дагы 20 миң ковид вакцинасын жиберип жатабыз» деген кабарында вице-президент Фуат Октайдын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Эрсан Санер менен болгон пресс-конференцияда: «Ушул жумада дагы 20 миң ковид вакцинасын Түндүк Күндүк Кипр Түрк Республикасына жиберип жатабыз. Ошентип, жалпы вакцина жардамыбыз. 100 миңге жетет. Анан сиз эмдөө жаатында алдыңкы 1-2 өлкөнүн катарына киресиз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Террордук уюм ПККдун дем алуусуна дагы мүмкүнчүлүк берилбейт; 126сы зыянсыздандырылды» аттуу маалыматында коопсуздук күчтөрү жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГге каршы операцияларын ийгиликтүү улантып жатканы маалымдалган. 2021-жылдын февраль айында террордук уюмга каршы өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө уюштурулган операцияларда 126 террорист зыянсыздандырылды.

«Сабах» гезити «Түрк аскердик зооттолгон унаасы Кобра II жаңы версиясы менен эң кооптуу миссияларга даяр» аттуу кабарында Түркиянын коргонуу өнөр жайынын зооттолгон кургактык техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн бири Отокар, Кобра II чыгарылыштарынын үй-бүлөсүнө «минадан корголгон унаа» кошконун маалымдаган. Cobra II 4x4 зооттолгон унаалар үй-бүлөсү, Түркияда жана дүйнөдөгү 15 өлкөдө милдетин аткарган Кобра чыгарылыштарынын эң жаңы модели катары иштелип чыккан.

«Хүррийет» гезити «Флейта чебери Бүлент Эвжил Италиянын белгилүү «Falaut» аттуу журналынын мукабасында орун алды» деген кабарында Стамбул Мамлекеттик симфониялык оркестринин (IDSO) директору жана флейта чебери Бүлент Эвжил, 30 жылдан ашуун убакыттан бери чыгып келе жаткан Италиянын белгилүү «Falaut» аттуу көркөм өнөр журналынын мукабасында орун алганын жазган. Дүйнөдөгү эң алдыңкы флейта виртуозунун бири катары көрсөтүлгөн Эвжил менен болгон маек орун алган журналда чебердин Бразилия, Америка, Италия сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдөгү концерттери көрсөтүлүп, анын алган сыйлыктары жана ийгилиги жөнүндө маалымат берилген.



Тектеш кабарлар