Түрк басма сөзү 23.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1588776
Түрк басма сөзү 23.02.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : сириялык качкындарга ээ чыккан бир гана мамлекет Түркия» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Измирдеги эл аралык миграция конференциясында сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Эрдоган : «Европа Биримдиги Грецияга 100 000 качкын үчүн 3  миллиард евро жардам берсе, Түркиядагы 4 миллион качкын үчүн жардам берген жок. Европага баш калкалаган он миңдеген сириялык баланын кайда экендиги, кимдердин уурдагандыгы белгисиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу : Дүйнө ПККнын кырыгынына дагы үн каткан жок» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун БУУнун адам укуктары кеңешинин 46 -  отурумуна карата кайрылуусунда ПКК жикчил террордук уюмдун Ирактын Гара аймагында 13 күнөөсүз кишини шейит кылышына дүйнөнүн үн катпагандыгын айтканын билдирген. Чавушоглу : «Эл аралык  тилектештик болбостон жана кош стандарттар менен бул коркунучту жок кыла албайбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «АКШдан тарыхый моюнга алуу: ЙПГ тууралуу жаңылыштык кылдык» деген маалыматында Сирияда ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмга колдоо берген АКШнын жаңылыштыкты моюнга алганын кабарлаган. АКШнын Европа күчтөрүнүн мурунку командири генерал-лейтенант Бен Ходжес : «Түркияга карата ишенимди калыбына келтирүү керек»,- деди. ПКК/ЙПГ тууралуу жаңылыштык кылышкандарын баса белгилеген Ходжес : «Түркия сыяктуу бир союздашыбыз менен карым  - катнаштарга олуттуу түрдө зыянын тийгизген ПКК/ЙПГ менен иштөө тактикалык жетишкендиктерге алдыңкылык берген чечимдерди кайрадан  карап чыгуу керек»,- деди.

«Стар» гезити «Греция менен Рум бөлүгүнөн тархый жаңылуу» деген кабарында профессор Хүсейин Ышыксалдын Греция жана Кипр рум бөлүгүнүн чечүүчү жол эмес, жеңилдик издеп жаткандыгын  белгилегенин маалымдаган. Түркиянын Кипрде жеңилдик берерин күтүп жаткан Греция менен Кипр рум бөлүгүнүн олуттуу бир жаңылыштыкка киргендигин баса белгилеген Ышыксал : «Европа өлкөлөрүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги эң маанилүү жана стратегиялык  актер болгон Түркия менен бетме  - бет келбей тургандыгын эртели  - кеч түшүнө турган рум  -  грек тарабын алдыда дагы да кыйын күрдөр күтүп жатат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын алтын өндүрүшү рекордго карай баратат» деген маалыматында Түркияда алтын өндүрүшүнүн өсүп бара жаткандыгын жазган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги соцтармактан берген кабарында Түркиянын алтын өндүрүшүнүн акыркы 5 жылга таандык таблицасын жарыялады. Таблицага караганда Түркиянын алтын өндүрүшү 2016 -  жылы 24, 5тонна, 2017 -  жылы 22, 5 тонна, 2018 -  жылы 27, 1 тонна, 2019 -  жылы 38 тонна болуп ишке ашса 2020 -  жылы 42 тонна болгон.



Тектеш кабарлар