Түрк басма сөзү 22.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1588000
Түрк басма сөзү 22.02.2021

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган АКШ Иранга санкция салуудан баш тартышы керек» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Сүйлөшүүдө АКШнын жаңы башкаруусунун Иранга карата  бир тараптуу санкциялардан баш тартып Иран калкынын бейкуттугунун алдындагы  туура эмес бөгөттөрдү жоюшун каалагандыгын белгилеген Эрдоган акыркы бир канча күндө маселе тууралуу берилген маалыматтардын жаңы бир мүмкүнчүлүк терезесинин ачылышына себеп болгондугун айтты.

«Сабах» гезити «Фахреттин Алтун : ПККнын кыргындарын унуттурбайбыз» деген макаласында коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун акыркы жолу Ирактын Гара аймагында барымтага алган 13 түрк жаранын шейит кылган ПКК террордук уюмунун кыргындары тууралуу бир видео жарыялаганын жазган. Алтун : «Колу кандуу ПКК террордук уюму 1984 -  жылдан бери Түркияда бала  - чака, аял  -  эркек, кары  - картаң, жаш дебестен жарандарды өлтүрүүнү улантууда. Бирөөлөр көрбөстүккө салса да ПККнын кыргындарын унуткан жокпуз, унуттурбайбыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Россиядан Түркия менен С  - 400дөр тууралуу биргелешкен өндүрүш билдирүүсү» деген маалыматында Россия федералдык аскердик  - техникалык кызматташтык кызматынын төрага орун басары Алексей Фролкин С  - 400 абадан коргоо системаларын Түркия менен биргеликте өндүрүүгө байланыштуу маалымат бергенин билдирген. Флоркин Анкара менен аскердик  - техникалык кызматташуунун түрдүү тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

«Хүррийет» гезити  «Түркияга карата түздөн түз чет элдик инвестициялардын артышы күтүлүүдө» деген кабарында  Түркияда экономикалык жана укук тармактарындагы реформалардын түздөн түз инвестицияларды ылдамдатуусу күтүлүп, бул процессте чет элдиктердин автомобиль, үй эмеректери, программа жана логистикалык тармактарына карата кызыгуусунун артышы күтүлүп жаткандыгын жазган.  Инвесторлордун Түркияны тандашынын себептеринин кээ бирлери киреше ала турган чөйрө, квалификациялуу жумушчу күчү, инвестиция чөйрөсү, логистикалык шарттар катары алдыга чыгууда.

«Стар» гезити «Толук биодизель менен иштеген алгачкы генератор Түркияда чыгарылды деген жазуусунда Стамбулдагы Arken Jeneratör дүйнөнүн толук биодизелдүү генераторлордун прототибин чыгарганын белгилеген. Биодизель генератор жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыктарынан турган дизелди кайра иштетүү  принцибине таянууда. 100 пайыз биодизель менен иштеген генератордун патентин да алган Arken Jeneratör прототибин орто  мөөнөткө сатыкка чыгарууну пландап жатат.

 

 



Тектеш кабарлар