Түрк басма сөзү 18.02.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1585981
Түрк басма сөзү 18.02.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Март айында акырындык менен калыбына келүү башталат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Министрлер кабинетинин отурумунан кийинки билдирүүсүндө акырындык менен калыбына келүү процессине токтолуп: «Биз акырындап калыбына келүү процесстерин Саламаттык сактоо министрлигинин критерийлерине ылайык, облустарыбызды төрт топко бөлүп баштайбыз. Ошого жараша облустарыбызды төмөн, орто, жогорку жана өтө жогорку тобокелдик деп классификациялайбыз. Калыбына келтирүү календарын ошого жараша жүргүзөбүз»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Англис басма сөзүнөн түрк КУУAларына мактоо» аттуу маалыматында Англис басма сөзүндө Түркиянын КУУАлары (Куралдуу учкучсуз учуучу аппараты) күн тартибинде болууну улантууда экендигин маалымдаган. «Telegraph» гезити өзгөчө Азербайжандын Тоолуу Карабахта жетишкен ийгиликтеринин артында Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары турганын жазды.

«Стар» гезити «Греция адамзатка каршы кылмыштарын жасоону улантууда» деген маалыматында Улуттук коргоо министрлиги, Греция тарабынан телефондору жана акчалары алынган, зордук-зомбулук менен Түркияга мыйзамсыз депортациялоого аракет кылынган жана сууда тоңуп калуу коркунучун башынан өткөргөн мигранттар куткарылгандыгын жарыялаганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Министр Караисмаилоглунун Türksat 5A билдирүүсү» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун космоско учурулган Türksat 5A тууралуу билдирүүсүндө, «Биздин спутниктин бардык подсистемалары ушул убакка чейин үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Биздин спутник орбитага жеткенден кийин орбиталык сыноолор жүргүзүлөт жана июнь айынан баштап кабыл алынып, иштей баштайт»,дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Түркия январда эң көп эл аралык футболчу трансфер кылган 4-өлкө болду» деген кабарында Түркия 2021-жылы футболдук трансфердик мезгилдин эл аралык трансферлери менен алектенген өлкөлөрдүн ичинен 4-орунду ээлегени маалымдалган. ФИФАнын отчетуна ылайык өткөрүп берүү мезгилинде Испания 145, Португалия 143, Англия 140, Түркия 123 эл аралык трансферди ишке ашырды.



Тектеш кабарлар